Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шакеги бар кой

Шакеги бар кой

18-июнь, 22:19
624 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Таң эртең менен жолго чыктык. Жайдын толуп турган убагы. Жаратылыштын кооздугуна суктанып, жолду ката айланага көз чаптырам. Суусамыр жайлоосуна жеткенде жайылып жүргөн койлор көзгө урунду. Топ койлордун арасынан шыйрагында агы бар койду көрүп, тээ балалык кезде болгон окуяны эске түшүрдүм. 

Кыштын ызгаар күндөрү жаңы туулган козуларды кире беришке байлап коёбуз. Эртең менен эрте туруп, энелерине эмизгени коё беребиз. Бүгүн турсам, козулар да, таенем да жок. Ызаланып, чала-бучук ыйлап да алдым, себеби, дайыма экөөбүз чогуу алып чыкчубуз. 

Эртең менен турарыбыз менен таенем сарайды көздөй жөнөйт, мен артынан ээрчийм. Сарайдын жип менен байланган, жыгачтары жедеп эскирип калган, каалагасын акырын ачканда кадимки сарайга мүнөздүү болгон жыт мурунга “бурр” дейт түшөт. Эшик ачылары менен маарап турган койлор чөп чачылган эшиктеги акырларга жулкунуп чуркап жөнөшөт. Таенем алар менен кадимкидей сүйлөшүп, кээ бирлерин башынан сылайт, мен да таенемди туурап, кээ бирлерин “сугалак” деп урушуп, кээ бирлерин “момунум” деп эркелетип коём. Он беш чакты кыргыз койлор, арасында куйруктары кучактай, буттары узун чоң койлор да бар. Таенем алардын кээ бирлерине ат коюп алган, “Мөкүш кой”, “Эралы кой”, “Барманбай кой” дегендери эсимде, айылда ушундай аттуу адамдар жашачу. Мен кээде кызыгып таенемден сурайм: “Апа, эмнеге “Эралы кой”, “Мөкүш кой”, аларга окшошпойт деле го?” деп. Таенем мыйыгынан жылмайып, “алар айылдын малдуу адамдары, бул койлорду ошолордон ырымдап сатып алгам, кызым. Буюрса уулум аскерден келип, үйлөнүп-жайланса, ал да малдуу-жандуу болсун деп, жакшы тилек менен сатып алдым да”. Мен анча түшүнбөсөм да, чоң кишидей башымды ийкеп коём.

Жаман көлөчтү бутума салып, сарай жакка чуркап жөнөдүм. Чөп салып жүргөн таенем “жылуу кийин, эшик суук” деп жекире карады. Колунда кечээ төрөлгөн козу, жанында энеси, бирок жерип, эмизбей жатканын байкадым. Кээ бир койлор тууганда козусун жакшы жыттабай калса жерип, эмизбей коёт. Таенем зым менен койдун оозун кемээчтеп, “өз баласын жериген оңбогур!” деп урушуп жүрүп эмгизет.

Таенемдин эки баласы бар, улуусу менин апам, бирок мен “эже” деп айтам, себеби, атам мен төрөлө электе автокырсыкка туш болуп, оорукчан болуп калган. Ошентип мен эс тартканы таенемди “апа” деп чоңойдум. Дүйнөдө менин апамдай акылдуу, таза, билгич, сулуу адам жоктой сезилчү. Мага эч качан “жок” деп айтчу эмес, кээде бейбаштык кылсам да, эркелетип тим койчу. Кыштын ызгаар күндөрү “кошунаныкына ойногону барам” десем, менин боюм менен бир болуп жааган карды күрөп, жол салып берер эле. Анткени, алар 10 балалуу, неберелүү болчу. Таенемдин экинчи баласы – менин таякем. Үчөөбүз эжем салып берген эки бөлмөлүү үйдө жашайбыз. Таякем аскерге кеткенде үйдө экөөбүз эле калдык.

Биздин айыл тоонун этегинде жайгашкан эки узун көчөдөн турат. Айылдыктар бири-бирин бала-чакасына чейин таанышат. Асты жактагы кыядан чыккан чоң жол башка айылдар менен катыштырып турат. Биздин үйдүн маңдай жагында айылдын жалгыз дүкөнү жайгашкан. Ошондуктан мен өзүмдү борбордо жашагандай сезем. Дүкөнгө келгендер жабык болуп калса, негедир биздин үйгө келишчү, улам менден “дүкөн ачылыптырбы?” деп сурап коюшуп, таенемдин керегазга кайнаган чайын тандырга жапкан кыпкызыл наны менен ичип, сүйлөшүп отурушар эле. Мен болсо жакшы кызматта иштегендей бактын арасындагы селкинчекте отуруп, улам дүкөн жакты карап, ачылса чуркап барып, “ачылды!” деп сүйүнчүлөп, милдетимди так аткарганга дердейип калчумун. 

Эртең менен салынган дасторкон кечке жыйналчу эмес, таенемдин керегазы (үч биликтүү, керосин менен күйгөн газ) өччү эмес, дайыма чай кайнап турчу, соолуп баратса суу куюп, кайра толтуруп коёт. Көчөдөн бирөө “арыба” деп учурашса сөзсүз чайга чакырчу. Кире бериштеги верандада радио тынымсыз кабарларды сүйлөп турчу, чыгармалардан үзүндү окулганда таенем экөөбүз кунт коюп угуп, театрда отургандай жыргап калчубуз.

Ошол мезгилдеги айыл адамдарынын мүнөздөрү, жашоого болгон көз караштары ушунчалык таза, жөнөкөй экенине азыр таңгалып бүтө албайм. Бири-бирине атаандашуу, көралбастык, сындоо деген түшүнүктөр жок экен да. Биздин айыл мен үчүн дүйнөдөгү эң кооз, эң өнүккөн чөлкөмдөй сезилчү.

Ошентип, кыш күндөрүнүн биринде “Мөкүш кой” тууду. Козусу капкара, маңдайында кашкасы бар, арткы шыйрагынын биринде тегерете агы бар экен. Мен көрөрүм менен “шакеги бар экен” деп кыйкырдым. Таенем “бул сенин козуң болсун анда” деп мени ого бетер сүйүнтүп койду. Ошол күндөн тартып, ал козуну баладай карадым. Кечинде жашикке салып үйгө алып кирем, апасына чөптү, сууну көбүрөөк берем. Мектептен келгенден кийин аркы-беркини сүйлөп берип, мойнунан кучактап кысып коём. Жаз келгенде шакеги бар козум бир топ чоңоюп калды. Ага чөптөрдүн жумшагын терип салам, сууну таза идишке куюп ичирем. Айтор, ал жайлоого кеткичекти көчөгө чыгып ойнобой да калдым.

Күз келди. Жайлоодон шакеги бар козум кой болуп келди, аябай чоңоюптур. Таякем да аскерден келип, таенем сүйүнүп жүрөт. Мен болсо значокторун тагынып мактанып алгам. Көп өтпөй таякем үйлөнө турган болду. Ошентип, бир күнү кошунанын үйүндө отурсак, “келин келди!” деп тапырап калдык. Көчөнүн баш жагындагы устанын кызын ала качып келишиптир. Келин келип, чакан той да болду. Кызыгы, кудагый бир жумадан кийин келип, “берген калыңыңар аз, дагы кошосуңар!” деп чатак чыгарып кетти. Таенем жалгыз уулунан эч нерсе аямак эмес. Чынында, канча калың бергенин билбейм. Акыры, эртеси эле таенем мени тургузуп, сарайдан баягы шакеги бар койду козусу менен алып чыгып, мойнунан байлады да жетелеп, “айда!” деди. Мен түшүнбөй айдап жөнөдүм. “Апа, кайда барабыз?” десем, “куданыкына алып барабыз” деди. Мен эмне дээримди билбей, көзүмдөн жаш куюла “бербейм шакеги бар коюмду!” деп кыйкырсам да болбой жетелеп кете берди. Айла жок, көзүмдүн жашын куюлтуп, артынан улам чыбык менен чаап коюп бара жаттым. 

Балалык баёо сезимимде кудагыйды жаман көрүп калдым. Ошол күндөн баштап, сарай жакка бир да басып барбадым. Бүт дүйнөгө болгон таарынычымды көз жаштан чыгарып жүрүп, акыры унутулду. 


Рысбү Шаршенова, И.Раззаков атындагы КМТУ 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер