Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сабыр абаны Байсалов актады, а өзү да билдирүү кылса болот беле?

Сабыр абаны Байсалов актады, а өзү да билдирүү кылса болот беле?

10-май, 23:39
634 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Учурда бийлик күчтүү. Ошого жараша бугуп жаткан таасирдүү душмандары да арбын. Саясый эрөөлдөр алдыда окшойт. Маал-маалы менен маалыматтык чабуулдар жасалып, “отко май чачууга” аракеттер байкалууда. Бул эми бийлик үчүн табигый күрөш да...

Бир эсе кандай гана кысымдар жасалбасын, кыргыз коомчулугу активдүүлүгүн көрсөтүп келет. Алтындын куймалары тартылып, “Сабыр аба” боюнча айтылган видео соцтармакта, эл арасында “чуу” жаратып, кызуу талкууга “жем” таштады. Ар кандай баа берүүлөр уланууда. 

Ушундай жагдайда вице-премьер-министр Эдил Байсалов Фейсбукка пост жазып, сырттагы журналист Болот Темировдун ал видеосун жалган жалаа, фейк, душмандык катары сыпаттап, өзүнүн аргументтерин келтириптир. Окуган адамга Байсаловдун пикири ынанымдуудай сезилет. Себеби, ал чын жүрөгүнөн күйүп-бышып, алтын уурдалбай турганын баса белгилеп, бир канча негиздемелерди келтирген. Кантсе да билимдүү, саясатта тажрыйбалуу эмеспи. 

Ал эми Сабыр Жапаровго келсек, алтынга байланыштуу экинчи ирет чыккан чуулганы болуп атат. Мурда да слитокторду кармаган сүрөтү жарыяланган. Бирок конкреттүү түрдө алтындарды сатып, байып жатканы боюнча фактылар жок. Божомол, күмөн саноолорго гана кептелесиң. Андыктан, Сабыр Жапаров үн катып, же билдирүү жазып деле коомчулукка кайрылып коюшу керек го? 

Убакыт, мезгил мерчеми акыр түбү чындыкты чыгарат...  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер