Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Аялымды жеңил ойлуу классташтары азгырышып, бузуп бүткөнү калышты
Аялымды жеңил ойлуу классташтары азгырышып, бузуп бүткөнү калышты
04-июнь, 22:11

Үйдө тынчтык жок, аялым менен мамилем бузулду. “Квартира алабыз” деп үч жолу кредит алып, карызга малындык. Бул акыбалды түшүнбөй, балдарды төркүнүнө таштап, дагы олчойто карыз алып, классташ кыздары менен чет өлкөгө эс алууга барып келди. Ал курбулары ар кандай шартта жашашат. Көпчүлүгү жалгыз бой. Жеңил мүнөздө шаракташып, көңүл ачууга кызыгышат. Аялым менин каршы болгонумду уккусу да келген жок. Азырынча карыздарыбыздан кутулсак, андан кийин деле эс алат эле да. Кеп акчада эмес. Үй-бүлөдө бири-бирин түшүнүп, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуш керек да. Кыскасы, ажырашууну ойлоном. Же мен туура эмес кыламбы?..
Улан
"Азия Ньюс" гезити