Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кулов аксакалбы?..

Кулов аксакалбы?..

20-май, 21:02
879 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Саясый интеллигенцияда, аттуу-баштуулардын арасында Феликс Кулов сындалып, дайыма негатив жаратып келгени кандай? Нарктуу карылыкка басым жасабай, кошоматчылыкка ооп кеттиби? Акаев бийлигинен бери “колго суу куйгандай” образда президенттерге жагып, дайыма төргө жулунганы байкалабы? Айтор, суроо сала берсек көбөйүп кетчүдөй. Учурда төбөлдөр барган жерлерден Феликс Куловду да көрүп калабыз. Бул эмне, айныксыз авторитетпи? Көрсө, ал бийликтин кадамдарын мактап-жактап, чын ниеттен колдогондой соцтармакта постторду жазып, жанталашып жаткандай. Баарыбыз эле көрүп турабыз да. Жасакерлене берсе, анан жүрөк жибитет тура, мамлекеттик иш-чараларда алдыңкы катарга отурууга жетишип, өзүн комфорт сезгени ушулбу? Асыресе, мындай жасалмалуулукка “бетпардасын” сыйрып салып жетүүнүн ыкмасын көрсөткөнүбү? Ириде кыргыздын аксакалдары калыс сөзү, адилеттиги менен оозго алынып, кадыр-барк, нарк күткөн эле да. Тилекке каршы, Феликс Кулов сексенге таяп калса да, бүжүңдөп бийликке жагуунун миң бир кырлуу амалын кылып, карыганда кыйла эле кыйналды окшойт. Ал эми улуттун чыныгы акылмандары кошоматтан алыс турушуп, бүгүнкү күндөгү өлкөдөгү абалга сын көз менен карап турушса керек. “Сууну сиңген жерге куй” деп даанышмандар бекер айтышпагандыр. Себеби түшүнүктүү эле да...  


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер