Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Парламенттин 7-чакырылышы ант берип, төраганы шайлайт

Парламенттин 7-чакырылышы ант берип, төраганы шайлайт

29-декабрь, 11:55
1 337 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайланып келген депутаттардын ант берүү аземи өтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Ушул эле күнү төрага шайланат деп күтүлүүдө. "Азаттыктын" ишенимдүү булактарынын айтымында, төрагалыкка Талант Мамытов жалгыз талапкер болууда.

28-декабрда Жогорку сот "Альянс" партиясынын арызын карап, аны партиянын пайдасына чечти. Соттун бул чечими Жанарбек Акаевдин мандат алуусуна жол ачат. Жогорку сот Борбордук шайлоо комиссиясынын бир мандаттуу Чүй-Кемин округунан эң көп добуш алган Медербек Саккараевдин каттоосун жокко чыгарган чечимин колдогон жок.

Буга чейин Жогорку сот айрым шайлоо тилкелериндеги добуш берүүнүн протоколдорун жокко чыгаруу боюнча кайрылган "Азаттык" партиясынын арызын канааттандырган эмес. "Жашасын Кыргызстан" партиясы боюнча дагы Жогорку сот ушундай эле чечим чыгарган. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматы кабарлады.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер