Жамин Акималиев: “Аскарбек Сапарбековичдин сапары качан карыйт?”

-- Көз ачып жумгуча күз келди. Айыл чарба быйылкы жылда эмнеси менен мактанып, эмнеси менен мактана албайт?
-- Туура айтасың. Мактанган жагынан айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков алдына киши салбай калды. Кайда жүрбө, эмнени окуба же укпа, бардык жерде эле анын шаңкылдаган үнү угулат, “дан эгиндеринин түшүмүн мол кылып, эки эсеге көбөйттүм” деп. Эми биринчиден, Жаныбековдун былтыркы жылы министр болушу эл үчүн каражолтой иш болду. Себеби, болуп көрбөгөндөй кургакчылык басып, буудай менен арпанын түшүмү 10 центнерге чейин түшүп кетти. Ошон үчүн быйылкы жылдын түшүмү былтыркыга караганда эки эсе көп болуп жатпайбы. Эгер министр 2022-жылды 1913-жыл менен салыштырса, анда түшүм беш эсеге көп болмок.
Чындыгында, быйыл биздин күжүрмөн дыйкандарыбыз өздөрү эле тер төгө иштеп, үзүрлүү ийгиликтерге жетишишти. Буга Жаныбековдун эч кандай тийешеси жок. Анүстүнө Жараткан жакшы жардам берип, Жаныбековсуз эле быйылкы жыл жаанчыл болду.
"Жөжөнү күздө сана" деген акылман кеп бар. Министр миң жолу мактанса дагы, быйыл буудайдын тазалангандан кийинки дүң жыйымы 650 миң тоннадан ашпай турат. Физиологиялык ченемдерге ылайык, Кыргызстандын элин нан менен толук камсыз кылыш үчүн миллион тонна буудай талап калынат. Ошентип Жаныбековдун жалган сөздөрүн эске албаганда, биз быйыл деле чет өлкөлөрдөн мамлекеттик бюджеттин эсебинен 300 миң тоннадан ашык буудайды сатып алганга муктажбыз. Союз мезгилинде жылына 2 миллион тоннага чейин буудай өндүрүп келгенбиз. Макул, ал союз учурунда болду дейли. Көз карандысыздыкты алгандан кийин деле 2009-жылы 1 миллион 50 миң тонна буудайды жыйнап албадык беле, эмне үчүн быйыл андай болгон жок? Карандай калпты коё туруп, чыркыраган чындыкты кеп кылсак, анда быйыл деле миллион тонна будай алууга толук мүмкүнчүлүктөр бар болчу. Ал үчүн анын айдоо аянтын кеңейтип, 350 миң гектарга жеткириш керек эле. Бул жөнүндө биз, илимпоздор министрге какшап эле айтканбыз. Бирок Жаныбеков тил албай, буудайдын аянтын былтыркыга караганда дагы азайтып жиберди. 2021-жылы 251 миң гектар жерге себилсе, быйыл 234 миң гектар жерге гана буудай айдалган. Ал эми биз айткандай буудайдын айдоо аянтын 350 миң гектарга жеткиргенде, быйыл 1 миллион тоннадан ашык түшүм алып, калкыбызды өзүбүз өндүргөн арзан буудай менен камсыз кылып, бирөөнүн көзүн жалдырап карамак эмеспиз. Бирок андай болгон жок. Ага түздөн-түз күнөөлүү – айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков.
-- Азык-түлүк коопсуздук продукцияларынын ичинен биздин мамлекет кайсыларынан аксап келет жана эмне себептен?
-- Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу – бул айыл чарба министринин милдети. Бирок, бул негизги максатты министрлик аткара албай жатат. Быйыл деле биз өзүбүздү үч гана азык менен камсыз кыла алабыз: сүт, картошка жана жашылча. Ал эми калган алты азык-түлүктү дагы деле болсо сырттан сатып келүүгө (импорттоого) муктажбыз. Булар: нан, кумшекер, өсүмдүк майы, мөмө-жемиштер, эт жана жумуртка. Эгерде айыл чарба министри жакшы иштесе, анда тамак-аштын бардык тогуз түрүн өзүбүздө эле өндүрсөк болмок. Анткени, Садыр Жапаровдун демилгеси менен айыл чарбасын алдыга жылдырууга 26 миллиард сом бөлүнгөн. Мындай эбегейсиз зор каражат менен тоону томкорсок да болмок. Тилекке каршы, андай болгон жок.
Сөзүбүз куру болбош үчүн дагы бир маселеге токтоло кетели. Кумшекер менен биз мурда өзүбүздү гана эмес, бүткүл Орто Азияны камсыз кылып келгенбиз. Быйыл болсо, башкаларды кой, өзүбүздү кант менен болгону 33 пайызга араң камсыздаганы турабыз. Буга дагы Жаныбековду айыптасак туура болот. Анткени, адистер “2022-жылы кант кызылчасы 25 миң гектарга чейин себилсин” деген сунушун беришкен. Бирок, ага карабай, айыл чарба министри көгөрүп атып, бул өсүмдүктү 8800 гектарга гана жайгаштырган, же болбосо тескерисинче, былтыркыга караганда дагы 1200 гектарга азайтып жиберген. Муну эмне менен түшүндүрсө болот, өжөрлүкпү же көпкөндүкпү? Аскарбек Жаныбеков алдын ала Кайыңды кант заводунун жетекчилиги менен Сары Өзөн Чүйдүн кызылчачыларын чогултуп, алардын бир максатта иштешин уюштурушу керек болчу. Өндүрүлгөн түшүмдү кабыл алууда заводдор дыйкандарды алдабай, алардын эмгегин татыктуу баалоосу зарыл эле. Ошондо кызылчачылар кызыгып, бул маанилүү техникалык өсүмдүктү өз ыктыяры менен эле көбүрөөк сепмек да, андан завод дагы, дыйкан дагы, өлкө дагы пайда тапмак. Колдо турган мүмкүнчүлүктөрдү айыл чарба министри көз көрүнөө эле колунан чыгарып жиберди. Анын азабын эл тартып жатат. Ушундай кантип болсун? Кант кызылчасынын бардык көлөмүн өзүбүз өндүргөндө, кумшекердин баасы 70 сомдон ашмак эмес.
Өсүмдүк майы жөнүндө эки ооз сөз. Мындай баалуу жана абдан керек азык менен өзүбүздү 15 пайызга гана камсыз кылабыз. Бул эми акылга сыйбаган иш да. Быйыл министр Жаныбеков май өсүмдүктөрүн 17 миң гана гектарга жайгаштырды. Эгерде аларды 2,5 эсе көп сепкенде, анда өсүмдүк майын өндүрүү кескин көбөйүп, баасы асмандамак эмес.
Эми этке келели. Өзүбүз мал чарбалуу өлкө болуп туруп, элибизди эт менен камсыз кыла албаганыбыз уят иш. Ал эми "Уят – өлүмдөн катуу" деген сөз бар. Республикабызда 9 миллион гектар жайлоо жерибиз бар. Алар жалпы тоюттун жарымынан көбүн камсыз кылат. Малдын башы жыл сайын өсүп жатат. Ири мүйүздүү малдын саны 1 миллион 750 миңден ашты, кой-эчки 6 миллион 300 миң, жылкы 550 миң, үй канаттуулары 6 миллион, чочко 30 миң жана топоз 40 миңге жетти. Эми ушунчалык байлык менен 6,5 миллион элибизди эт менен камсыз кыла албаганыбыз айтууга да арзыбайт. Айыл чарба министринин начар иштегенинин кесепетинен эттин баасы кол жеткис болуп кетти. Анысы аз келгенсип, Аскарбек Жаныбеков “айыл чарба азыктарын сыртка сатуу (экспорттоо) көбөйүп жатат” деп мактанууда.
-- Айыл чарба министринин иши сизди кайсы жагынан ынандырып, кайсы жагы ынандырбай атат?
-- Министр Аскарбек Жаныбековдун иш алып баруусу эч кимди канааттандырбайт. Ага өзгөчө жер-жерлердеги дыйкандар менен малчылар абдан нааразы. Анткени министрлик тарабынан аларга эч кандай жардам көрсөтүлбөйт. Дыйкандар өздөрү эле тиричилигин өткөрүп жатышат. Мамлекеттин жеңилдетилген насыя акчасын алгандар жокко эсе. 26 миллиард сом кандайча пайдаланып жатканы жөнүндө карапайым элдин таптакыр түшүнүгү жок. Ушундам улам “айыл чарба министрлигинин деги эле кереги барбы?” деген суроо күндөн-күнгө күчөөдө. Эгерде 11 миң киши иштеген министрлик жана анын жетекчиси өлкөбүздүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кыла албай жатса, тамак-аштын жулунган баасына бөгөт коё албаса, анысы аз келгенсип, атайын бөлүнгөн каражаттар натыйжасыз пайдаланылып атса, биздин момун эл унчукпай эле отура береби? Мындай нааданчылыкка дагы канча чыдаш керек?
Жогорудагыдай курч суроолорго биздин бийлик так жана бат жооп берет деп үмүттөнүп туралы. Кыскасы, быйылкы жылдын соңуна чейин айыл чарба министри Аскарбек Сапарбековичтин сапары карыбаса, анда агроөнөржай тармагы жаман иштерден эч качан кутула албайт.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити