Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жакшы дарыгер – мыкты жетекчи боло албаган кербезиби?

Жакшы дарыгер – мыкты жетекчи боло албаган кербезиби?

18-май, 21:06
1 075 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

      Саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмоновдун иштегени “кулак-мурун кескендей” эле жымжырт бекен? Бул кызматка келгенине үч айга аяк басты. Деңиздеги кайык калаксыз эле өз ыргагы менен жылжый сүзүп бараткандай образ берүүдө. Белгисиз багыткабы? Түшүнүксүз.  

     Кызык. Коллектив менен чогулушта жаңы идея, максаттуу демилгелер көтөрүлбөгөнү кандай? “Иштегиле, жыйынтыгын карайбыз” деген сыяктуу министрдин сөзү көндүмгө айлана баштаптыр. Талапты катуу коюу, көйгөйлөрдү тездикте чечүү ишарасы байкалбайт го? Ырас, Дамирбек Осмонов таланттуу кардиолог катары коомчулукка таанылган. “Бикард” жеке клиникасы сыркоологон олигарх, чиновниктердин дарыланчу жайына айланган эмеспи. Миллионер кардарларга жогорку медициналык тейлөөнү камсыздаганын жашыра албайбыз да, туурабы? 

     А бирок, медалдын экинчи бети бар. Иш жүзүндө каарманыбыз министр катары уюштуруучулук, менеджерлик артыкчылыктарын көрсөтө албай, көптүн бирине айланганы калдыбы? Башкы дарыгерлер анын дараметин, бошоң мүнөзүн билип алышып, тоготпой башташтыбы? Системада капталын жеген “карышкырлар” арбын, аларга Кудай берип жатабы? Айтмакчы, Талантбек Батыралиев шакирти Дамирбек Осмоновду каалагандай калчап, көмүскөдөн бизнес кызыкчылыктарын гүлдөткөн чагыбы? Ушундай суроолор арбын. (Батыралиев боюнча өзүнчө кеп болот). 

     Мындай илең-салаң жүрүш менен министр көпкө деле узабайбы? Азырынча мекемелерде нааразычылыктар жабык талкууланууда, жакында коомчулукка чыкса керек. Ошентип, жакшы дарыгер – мыкты жетекчи боло албаган кербезиби? Акыркы кезде саламаттык сактоо тармагы кандай гана аянычтуу абалга келип калганын жарыялабасак деле элибиз көрүп-билип жатат. Караңгыдан көз тапкандай реформа кылуу, алдыга умтулууга батыл аракеттер көрүлбөсө, аңгекке баратканыбыз ушулбу? 

     Ооба, бул биринчи коңгуроо...

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер