Азамат Арапбаев агитаторлордон акчасын доолап атабы?
Акыркы окуяларды карап туруп, “Биримдик” партия эмес эле шылуундардын бирикмесиби?” деген суроо туулат. Массалык добуш сатып алуу уюштуруп, 5-октябрдагы революцияга жеткирген коммерсанттар эми ич ара тытыша баштаганы айтылууда. Партиянын казынасын кармаган Төрөбай Зулпукаровду эки күндүн биринде фондго акча төккөн талапкерлер эшигин каккылап жатышса, айрымдары бөлүнгөн участогунан добуш албаган агитаторлорун коркутушуп, үркүтүп берген акчасын чогултуп жатышабы?.. “Биримдиктин” Ош облусу боюнча координатору болгон Азамат Аарапбаев бул жолу Садыр Жапаровдун ал жактагы штабын башкарганга аракет жасап, бирок “мекенчилдер” менен “атажуртчулардын” каршы чыгуусунан штабды башкарбай калган. Эми парламенттик шайлоодогу агитаторлорун чогултуп, “добуш албагандар, алган акчаңарды ордуна коюп койгула” дегени чынбы?