Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бул дүйнөнүн бүтүндөй муң кайгысы катылган чыгарманы ким жаратты?

Бул дүйнөнүн бүтүндөй муң кайгысы катылган чыгарманы ким жаратты?

27-февраль, 09:00
822 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Классикалык музыка, фортепиано десе эле биз мурунку дүйнөлүк классиктер Шопен, Бетховен, Чайковскийди, алардын өлбөс-өчпөс музыкаларын эстейбиз. Бирок дал бүгүнкү заманбап жаркыраган жылдыздай дүйнөгө таанымал музыканттар бар. Алардын жараткан сыйкырдуу музыкаларын бүтүндөй жер планетасынын адамдары издеп угушат. Суусап угушат. Алардын бири белгилүү корей элинен чыккан пианист Ли Ру Ма.

Ли Ру Ма 1978-жылы Түштүк Кореянын Сеул шаарында жарык дүйнөгө келген. Анын ата-энеси беш жашынан тарта фортепианодон билим алууга тапшырышат. Ли Ру Ма 11 жашка толгондо өзгөчө таланты бар балдар окуган Англиядагы музыкалык окуу жайга тапшырып, өтүп кетет. 1997-жылы ушул эле өлкөдөгү Королевалык колледжге тапшырат. Аталган колледжде окуп жүргөндө Ли Ру Манын алгачкы альбому жарыкка чыгат. 2002-жылы Ли Ру Ма Корей музыканттарынын биринчилеринен болуп Францияда өткөн айтылуу музыкалык MIDEM фестивалынын катышуучусу болуп калат. Анын керемет музыкалары алгач Европага, андан соң Азияга агыла баштайт. Корей элинин өтө таанымал «Кышкы соната» сериалында жана ал сериалдын уландысы болгон «Жазгы вальс» сериалдарында жалаң Ли Ру Манын кайгылуу кайрыктары коштоп, көпчүлүктүн сүймөнчүктүү тасмасына айланат. Анын дүйнө жүзүнө эң таанымал музыкаларынын бири «River Flows in You» -- «Дарыя сенден агып чыгат» деп аталат. Сүйүү тууралуу керемет музыка. Алай-дүлөй аалам. Муңканган табият. Бири-бирине жетпеген эки жүрөк. Айтор, кайгылуу кайрыктарда бул дүйнөнүн шумдуктуудай сырлары, муң-зары катылгандай...  

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер