Акыркы кабарлар
22:58
» Саясат » Гүлнара-Клара Самат КРСУга көлөкө түшүрөбү?
Гүлнара-Клара Самат КРСУга көлөкө түшүрөбү?
09-февраль, 19:03

Кыргызстандын Россиядагы элчиси катары Гүлнара-Клара Самат иштей албай кызматынан алынганы эсибизде. Көптөн бери из суутуп, аты угулбай калган. Анан эле КРСУнун проректору болуп чыга келди. Шумдугуң кургур! Гүлнара-Клара Самат (Бакиевдин доорундагы Клара Кабилова) бул тармакка эмгек сиңирбесе, анан кандайча жогорку окуу жайдын орун басарлыгына секирди? Кадр саясаты ушинтип талкаланып атабы? Чыныгы илимпоз, тажрыйбалуу окутуучулук таржымалдан куржалак болсо, анан кантип үлгү көрсөтөт? Соңку жылдары КРСУнун аброю кете баштаганы айтылып, чыр-чатактар менен мурдагы ректору кызматтан кеткени белгилүү. Эми “жаңы проректор” огобетер кадыр-баркын кетирип салсачы?
"Азия Ньюс" гезити