Жүрөгүбүз ооруп турат. Өлкө башчы эртеңки күндү аза күтүү күнү деп жарыялады


Президент Садыр Жапаров Россиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыгынан каза болгон мекендештердин жакындарына көңүл айтуу менен эртең, 23-август күнүн аза күтүү күнү деп жарыялады. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
"Урматтуу кыргызстандыктар! Россиянын Ульяновск облусунда болгон суук кабар баарыбызды кайгыга салып, жүрөгүбүз ооруп турат. Кырсыкты кайдан деп болбойт. Мекендештерибиз жол кырсыгына кабылганына жаныбыз кейип, баарыбыз аза кайгыга батып турабыз. Өзгөчө кырсыкка кабылгандардын жакындары үчүн өтө оор болуп жатканын мен жандүйнөм менен сезип турам. Мындайда көңүл айтуу да оор. Ошондой болсо да кырсыкка кабылгандардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, баарыңыздардын кайгыңыздарды тең бөлүшүү менен Жараткандан мындан ары жакшылык тилеп, сабырдуу болууга чакырам.
Ыйык Кураныбызда "Аллахым сабырдууларды сүйөт" деп айтылат. Кайраттуу болуп, сабыр кылалы мекендештерим! Кырсыкка кабылгандардын жакындарына, туугандарына тийешелүү жардам берүү жагы токтоосуз колго алынат. Бул менин жеке көзөмөлүмдө болот.
Урматтуу мекендештер, бул кырсыкты жалпы элибиздин кайгысы катары кабыл алуу менен 23-августту Кыргыз Республикасынын аймагында жалпы аза күтүү күнү деп жарыялайм" деп жазылат кайрылууда.










