Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Үч уулумду жетелеп чыгып кеттим, барарга жерим жок....

Үч уулумду жетелеп чыгып кеттим, барарга жерим жок....

23-май, 23:27
1 695 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Акыры ажырашууну чечтим. Үч балам менен үйдөн чыгып кеттим. Балдарымдын бир-эки сыйра кийимдерин алганым болбосо баары калды. Заңгыраган үй, буга чейин чогулткан дүнүйө-мүлкүмдүн баарын таштадым. Буларга караганда эркин дем алуу кандай баалуу экенин кеч түшүнүп турдум. Барарга жерим жок болсо да бул үйдүн каалгасын жаап чыгып кеткеним эрдик болуп турду. 

Күйөөмдүн жемекорлугуна, зөөкүрлүгүнө чыдап он жылдай жашапмын. Ар бир ичкен-жегениң, сүйлөгөнүң, баскан-турганың баары анын көзөмөлүндө. 

Анын жемесине, кордогонуна, урганына боздоп ыйлап канча түндөрдү өткөрдүм. Азыр өткөн күндөрдү элестетсем жөн гана куурчактай, оюнчуктай, жүрөгү жок адамдай мамиле жасачу экен. 

Алгач курбумдун үйүнө барып түнөдүк. Батирге, убактылуу тамак-ашка курбум жардам берди. Оор күндөр өттү. Же балдарымды бага албай, же иш таба албай бир топ кыйналдым. Бирок, кайтып барганым жок. Кыйын күндөрдү жеңдим. Азыр балдарым бой жетишти. Баары акылдуу, эмгекчил чыгышты. Баары жетиштүү. Кудайга шүгүр, оюмдагыдай. Бир гана жаш күндөрүмдө жүрөгүмдө калган кара так, кайрадан тынчтык бербей үйүбүздү сагалаган күйөөм көңүл чөгөрөт...


Жамал 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер