Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстанга сегиз жылда 1 миллиард сом жумшаган уюм

Кыргызстанга сегиз жылда 1 миллиард сом жумшаган уюм

21-ноябрь, 00:38
866 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

15-ноябрда Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Бир-Булак айылында бала бакча жана окуу борборунун аземи болуп өттү. Курулушту Human Appeal International кайрымдуулук уюму айылдын жаш балдары үчүн куруп беришти. Бул кайрымдуулук уюм Кыргызстанда 2004-жылдан бери ар кандай кайрымдуу иштерди алып барат. Алардын эң негизги ишмердүүлүгү коомдогу социалдык өнүгүүгө салым кошуу.


Социалдык объектилердин приоритети

-- Кыргызстанда негизги көйгөйлөрдүн бири – бул мектептер менен бала бакчалардын жетишсиздиги. Ошондуктан Бир-Булак айылына Араб эмиратынын демөөрчүлөрүнүн бири Абдурахман Салих Аль Салихтин жардамы менен бала бакча жана окуу борбору курулду, - дейт уюмдун Кыргызстандагы филиалынын директору Али Айуоуб.

Бул Human Appeal International гуманитардык уюмунун дүйнө жүзү боюнча 15 филиалы иштейт. Аларга Африка, Азия жана Европадагы мамлекеттер кирет. Ал эми Кыргызстанда бул уюм 15 жылдан бери иш алып барат. Ушунча убакыттын ичинде Кыргызстанга 30 ФАП, ондон ашык мектеп жана бала бакчалар курулуп, алар эмерек жана техникалары менен камсыздалган. Андан тышкары, бул уюм аз камсыз үй-бүлөлөргө, жетим балдарга ай сайын акчалай жөлөк пул төлөп турат.

-- Кыргызстанга жардам берген демөөрчүлөргө жана Кыргызстандын курулуш компанияларына ыраазычылык билдиребиз. Алар бизге ушундай объектилерди курууга жардам берип келет. Мындай курулуштар ар бир айылга абдан керек, -   дейт Али мырза. 

Бул иш-чаранын ачылышына Human Appeal International уюмунун директору Халид Абдувахаб аль Худжа өзү келип катышты. Аталган уюм өлкөбүздөгү башка курулуштарга да финансылык жардам көрсөтө турганын да айтышты. Учурда Ош шаарына да бала бакча куруу пландалууда. Акыркы сегиз жылда Кыргызстандагы социалдык өнүгүүгө Human Appeal International уюму бир миллиард сом жумшаган. 


Элет элинин кубанычы

Бир-Булак айылында бала бакчанын курулушун абдан күтүшкөн. Таш-Дөбө айыл аймагында жети айыл бар. Ал эми бул айылда жети миңдей жашоочу бар. Эгерде расмий эмес алып караганда, айылдагы элдин саны он миңден ашат. Ушул жети айыл аймагында болгону үч мектеп, эки гана бала бакча бар эле. Бир-Булак айылы акырындап кеңейип жатат. Мына, жаңы конуштар пайда болууда. Ал эми Бир-Булак айылындагы кичинекей бөбөктөр үчүн бала бакча жок болгондуктан коңшу айылдарга алып барышчу, же энелери менен үйдө эле болушчу. 

-- Биздин айылда бала бакча ачылганына абдан кубанычтамын. Менин эки балам бар. Аларды коңшу айылдагы бакчага алып барыш керек эле. Бул биз үчүн абдан ыңгайсыз жана алыс болчу. Ошондуктан мен иштебей, балдарды карап үйдө отурчумун, - деди айылдын жашоочусу Элмира Карасартова кубанычын жашыра албай.

Иш-чаранын ачылышына ЖК депутаттары, жергиликтүү кеңештин депутаттары, айыл өкмөт башчысы, Аламүдүн районунун окуу бөлүмүнүн өкүлдөрү жана Human Appeal International кайрымдуулук уюмунун негизги демөөрчүсү Абдурахман Салих Аль Салих катышты. 

-- Социалдык объекттер өсүп келаткан муунга пайда гана алып келет деп үмүт кылабыз. Анткени балдарыбыз жакшы жашоодо жашап, мыкты билим алууга татыктуу. Бул окуу борборунан балдар менталдык арифметиканы, англис жана араб тилдерин үйрөнүшөт. Курулган объектилердин баардыгы жергиликтүү айыл өкмөтүнүн балансына өттү, - дейт Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Бейшеналиев. 

Чынында айылда элдин саны өсүүдө, ошону менен катар алардын талабы да өсүп жатат. Аламүдүн районунун акими Марс Саткараев жети жыл мурда бул жерде болгону беш гана үй болгонун айтты. Буга чейин район башчысы айылга окуу борборун жана бакча салып берүү үчүн бир нече жерге кайрылганын да кошумчалады. Анан 2018-жылы ушул Human Appeal International кайрымдуулук уюмуна кайрылганда, алар ушул курулуштарды баштаган. 


Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер