Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шайлообек АТАЗОВ: «Райым Матраимов берешен, жоомарт, кыргыздын патриот инсаны»

Шайлообек АТАЗОВ: «Райым Матраимов берешен, жоомарт, кыргыздын патриот инсаны»

03-октябрь, 08:32
5 233 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Маектешибиз Шайлообек Атазов КРнын бокс, кикбоксинг боюнча спорт чебери, дене-тарбия спортунун отличниги, кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону. Учурда Бишкектеги EREM спорт клубунда ага машыктыруучу.


-- Шайлообек байке, Оштогу Матраимовдорго байланыштуу окуядан кийин фейсбуктагы баракчаңызга “Азаттыкты” катуу сындап жаздыңыз. Пикириңизди “бир тараптуу” деп ойлобойсузбу?

-- Антип ойлобойм. Анткени, “Азаттык” чынында мурдагыдай чындыктын символу болбой калды. 2005-2010-жылдары бийликтин кемчиликтерин көзгө сайгандай таамай көрсөтүп, чагылдырып, чындыкты, калыстыкты айтып турганда, бул маалымат булагын жакшы көрчүбүз. Коомдо “Азаттык” жөнүндө жакшы пикирлер бар эле. Тилекке каршы, азыр андай болбой калды. Айрыкча акыркы жылдары айрым журналисттери итиркейди келтирген, такталбаган маалыматтарды үстөккө-босток беришип, кимдир бирөөлөрдүн артынан сая түшүшүп, адилетсиз иштерди кылып жатышат. Бир күнү эки баланын урушуп кеткенин сенсация кылып чыгат, карасаң, эртеси ал экөө жарашып алган болот. Укмуш чоң коррупция тууралуу жазгандай, “комокту тоноп кетиптир” деп жазып чыгат, карасаң далили жок. Ушундай майда ушактар менен заказдарды алып иштеген сыяктуу болуп калды “Азаттык”. 

-- “Азаттык” үчүн Матраимов эле тема болуп, анын артынан сая түшүп, байлыгын казып калышты” деп жатасыз. Эмнеге мындай пикирдесиз?

-- “Азаттыктын” Матраимовдун артынан сая түшүп, аны эле тема кылып алган бир нече себептери бар. Биринчиден, Матримовду жазып чыккан журналисттер өздөрүн баатырдык кылгандай сезишет. Коомчулукка резонанстуу материал жасагандай алып жүрүшөт экен өздөрүн. Бул – демагогдуктун, кем акылдыктын белгиси. Экинчи себеби, саясый сезондордун жакындап келатышына байланыштуу. Кимдир бирөөлөрдүн, бир ууч саясатчылардын заказдары болушу да толук мүмкүн. Андай эмес болсо, “Азаттык” дүйнөлүк маалымат каражаты болгон соң, Кыргызстан мамлекетинин эл аралык деңгээлдеги проблемаларын көтөрүп жазып чыкпайбы? Кумтөр, чек ара, кадр саясаты ж.б. өлкөнү экономикалык жактан талкалап аткан көп проблемалар бар го. Эки достун өз ара урушун, бир комоктун тонолушун жаза турган ММКбы “Азаттык”? 

Ал эми Матраимовдун үйүнө уруксатсыз, таң атпай барып, короосун тартып жатканы мыйзамга каршы келет. Мындайда Матраимов журналисттерди сотко берсе болот. Экинчиден, шариатта да күнөө. Бирөөнүн үй-бүлөлүк сырын, мамилесин коомго ашкере кылганга эч кимдин укугу жок. 

-- “Азыттыктын” Оштогу өкүлчүлүгү чыгып кетсин!” деп жаштар чогулуп жатканын айтып калдыңыз?..

-- Ооба, ошол окуядан кийин “Азаттыктын” Оштогу өкүлчүлүгү Оштон чыгып кетсин, булар бир ууч адамдын заказын аткарып, кыргыздын патриот адамын жаманатты кылып жатат” деп жаштар тобу чогулуп жатышканын айтышты. Бул жаштар Матраимовдун жакшылыгы көрө билген уландар. Мындай абал түзүлгөнү өтө кооптуу. 

-- Өткөндө да Ошто “Матримовдун балдары” делген ок атышуу тууралуу маалымат чыкты...

-- Спорт комитетинин төргасы Кылыч Саркарбаев убагында EREM спорт клубунда машыккан. Ошол клубда чогуу машыккан досу менен жигитче пикир келишпестиктер болуп кетиптир. Эки достун ортосундагы пикир келишпестикти, эркекче “разборканы” бүткүл Кыргызстанга жар салыштын кереги бар беле? Аны да Ыдырыс Исаков жазды. “Кылыч барып атты” деп жазды эле, тигил бала “мен өзүм атып алдым” деп Ыдырысты маалыматынын калпын чыгарды. Алардын окуясына да Матраимовду жабыштыра калды. Бул жагы баягы анекдоттой эле болуп калды, айтор. Маалыматты тактабай жазып, өзү уят болуп калды. Эмнеге ал бирөөлөрдүн жеке иштерине мурдун тыга калат, ал ким, прокурорбу? Жашоодо адамдарда айыптар болот, өз араларында бүтүрүп алып жатышат. Ушундай майда-чүйдө ушактарды жазышып, уят болуп атышкан журналисттеринин айынан балким, “Азаттыктын” абийири кетип жаткан болбосун?.. 

-- Райым Матраимов коомчулукка чыгып сүйлөбөгөн, журналисттерге көп маек бербеген адам. Анын мүнөзүн да эч ким билбейт. Ал кандай адам? Түнтпү же шатыра-шатман жүргөн, тамашакөй адамбы? Жакындан билген адам катары Райым Матраимовго кандай мүнөздөмө бересиз?

-- Бул адам кыргыздын патриот инсаны. Колунан иш келет, менеджер. Бизнестин жолун жакшы өздөштүргөн. Ошого жараша берешендик, жоомарттык мүнөзү бар. Аны билбегендер же көралбагандар коомго “бокочо” кылып көрсөтүүгө аракет кылышат. Бул аша чапкандык. “Элим-жерим, спортубуз өссүн, элге таза суу жетсин, ооруган мусапырлар жакшы болуп калсын, бөйрөгүн алмаштырганга, колу-бутун салдырганга каражаты жокторго себепчи болуп калайын, алар жакшы жашап кетсин” деп Кудайдын чоң жакшылыктарын жасап, соопко калып жүргөн чыныгы айкөл адам. Мен аны жакындан билген адам катары ушундай мүнөздөмө берер элем. Бул кишинин кылган жакшылыктарын эч ким айтпайт. Анткени, ал өзү элге мактанбайт. “Бир колуң бергенди, экинчи колуң билбесин” дейт. Айтылбаганы менен канча жакшы иштерди жасады. Жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарынын контрагын төлөп окутуп жатат, айылдарга таза суу чыгарып берип, жомоктогудай спорт залдарын куруп берип, оорукана, бала бакча, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө там куруп берип, тоодой иштерди кылууда. Мунун баарын ал “мен мындай кылып бердим” деп эч качан колко кылган жок. Өзүн тили менен эмес, иши менен көрсөткөн адам. Ал эми спортко канчалык колдоо кылганы айтып бүткүс. 

-- Бул кишиге “Райым Миллион” деген ылакап жабышкан да калган. Ал киши кайдан байыган? Эмне менен бизнес кылат? Бажы кызматына чейин эмне иш кылчу?

--   Мен ал кишинин кандай жол менен байыганын билбейм. Бажы кызматына иштегенге чейин эле бизнес менен шугулданганын угуп жүрөм. Мен жакшы билген бир нерсе бар: бирөөгө берсең, Кудай сага берет. Райым Матраимовго Кудай берген киши. Райымдан жүз эсе байлар спортко 100 доллар чыгарбайт. Өзүмчүл, майдачыл, “кыргыз эмне болсо ошо болсун, өзүм дагы байыйын, дагы хансарай салайын, дагы унаа алайын” деген сасыган байлар бар. Ошолор деле ушундай кайрымдуулук иштерди кылса, эл аларга деле бата бербейт беле?!. Райым Матраимовго сакалын сылап отуруп бата берген, көз жашын мөлтүрөтүп, алаканын жайып, “өлүм төшөгүндө жаткан баламды сактап калдың, сага Кудай өмүр, ден соолук берсин!” деп өмүрүн тилеп, саламаттыгын тилеп отурган миңдеген ата-апаларды көрдүм. Жакшы адамды “жакшы” деп айтсак гана Кудайды тааныйбыз.   

А “Райым Миллион” деген ылакапты Атамбаев койгон. Өзү кетеринде көрүнгөн жерде айтып да жүрдү. Бирок, Атамбаев өзү билеби, Райым Матраимовдон да алда канча чириген бай экенин. “Райым кылган иштин канчасын кылдың?” деп өзүнө суроо берер киши жок.

-- Райым Матраимов азыр кайда? Тез-тез жолугуп, сүйлөшүп турасыздарбы? Акыркы жолу качан жолуктуңуздар?

-- Райым Матраимов агабыз азыр Кыргызстанда эле, Ошто, Бишкекте өзүнүн жеке иштери менен алек болуп жүрөт. Европа мамлекеттерине да жеке иштери менен кээде барып-келүүдө. Негизинен коомдук иштер, кайрымдуулук иштери менен алек көбүнчө. Биз спорт багытында тез-тез сүйлөшүп турабыз. Жана айтканымдай, бул киши спортко чын дили менен колдоо кылат. Акыркы бир жыл ичинде демөөрчү болуп, бизди 8 мамлекетке жөнөттү. Финляндия, Таиланд, Монголия, Чехия, Москва, Дагестанга барып, Кыргызстандын желегин көтөрүп, бокс боюнча 1-2-орундарды алып келип жаттык. 

-- Бишкектеги эң ири спорт клубдардын бири EREM клубун Матраимовго таандыкпы? Бул жерди сиз жетектейсиз, туурабы?

-- Мен өзүм спорт чеберимин, дүйнө чемпионумун. Өз өнөрүмдү жаштарга үйрөтөйүн деген максатты ушул EREM клубун ачканбыз. Клубду мен жетектейм. Ал эми Райым Матраимов биздин башкы демөөрчүбүз. Спортко умтулган мыкты жигиттерге материлдык, моралдык жардам көргөзүп, жакындан жардам берип келе жатат. Спорттук кийим-кечелерибизди алып берет, жол акыбызды төлөп, дүйнөлүк спорт олимпиадаларына катышууга жиберет. Биздин клубда кыйналган үй-бүлөлөрдүн балдарын акысыз машыктырганга мүмкүнчүлүк берилген, ай сайын маяна, стипендия алып машыккан 10дон ашык балдар бар. Эл аралык ийгилик көрсөтүп, чемпион болгондору да бар. Биздин EREM спорт клубунда спорттун беш түрү менен машыктырабыз. Олимпиаданын ондон ашык: волейбол, футбол, дзюдо, гимнастика, бокс, кикбоксинг түрлөрү ушул клубдан даярдалып жатат. Мактанарлык, сыймыктанарлык нерсе: волейбол жана футбол боюнча акыркы үч жылдан бери EREM клубу Кыргызстандын чемпиону болуп жатат. 

-- Спорт чебери катары айтсаңыз, кыргыз спортунун абалы азыр кандай? 

-- Спорт – бул улуттун ден соолугу, улуттун келечеги. Кыргыз спортунун бүгүнкү абалы чынында жакшы эмес. Дүйнөдө ушундай өлкөлөр бар, массалык спорт 60 пайызга чейин көтөрүлгөн. Бизде 2-7 пайызга чейин эле. Дүйнөлүк аренада спорттун жетишкендиктерин карап, анан экономикасын аныкташат экен. Чоң спорт – чоң саясат, чоң спорт – чоң экономика. Чоң спортко чоң каржы, чоң экономика кетет. Бүгүн Америка, Кытай, Россия державалары эмнеге спорт аркылуу бири-бирине сясатта атаандашып жатышат? Аларда спорт, күрөш, сууда сүзүү, чуркоо, дзюдо тармактарынан алдыга жылуу бар. Болгону, мамлекет тараптан көңүл буруу өз деңгээлинде эмес. Спорт боюнча мамлекеттик агенттик бар. Ага “өкмөттүн алдындагы бир агенттик” деп мамиле кылышат. Россияда спорт министрлиги бар, Казакстанда спорт жана жаштар министрлиги бар. А биздеги статус төмөн болгондуктан, өгөй балага мамиле кылгандай мамиле кылышат. Бир спортчубуздун суткалык тамактануусу 109 сом, машыктыруучунуку 83 сом. Бул орустардын иттери жей турган тамактын баасы го. Айтайын дегеним, федерация күчтүү болсо, ал спорт тармагы өнүгөт. Мисалы, дзюдого жаңы жетекчи келди эле, эки жылда дзюдону көтөрдү. Дүйнөлүк аренада медалдарды алып келип жатышат. Демек, спорт менеджерлери, сайттары иштеп, дүйнөлүк коомчулук менен иш алып баруу системасын киргизиш керек. Федерациянын ичиндеги машыктыруучулардын  ынтымагы, каржылоосу аябай жакшы болуш керек. Кудайга шүгүр, Жээнбеков президент болуп келип, эл арасында спорттун ийгилиги арта баштаганы тууралуу сөздөр айтылууда. “Жээнбеков акжолтой президент болду, бизден да дүйнө чемпиону чыкты” деп Айсулуу Тыныбекованын ийгилигин кубаттап жатышат. Айсулуу Кыргызстандын тарыхында биринчи алтын медал алып берди. Эгер кыргыз спортуна Райымбек Матраимовдой меценаттар, жоомарттар, айкөлдөр жардам берип турса, кыргыз спорту болуп көрбөгөндөй көтөрүлөт. Бизге колдоо болуп турса эле, биз алтын, күмүш медалдарды алып, чет өлкөлөрдө кыргыз желегин желбиретип турабыз.


Дария БАЙКЕЛОВА

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер