Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өмүрбек Бабанов биримдикти ойлоп, арканды алыс ыргыткан кербези

Өмүрбек Бабанов биримдикти ойлоп, арканды алыс ыргыткан кербези

23-сентябрь, 09:00
1 167 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өткөн жумада Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин 100 жылдыгына арналган маараке Таласта өттү. Негизги демөөрчү Өмүрбек Бабанов санаалаштарын чакырып, чай берип, сый көрсөтүп узатты. Бир топ саясатчылар барышып, өлкөдөгү кырдаал боюнча акыл калчашып, келечекке карай дүрбү салышканын байкадык. Жаза тайып, ошол күнү Баткенде тажиктердин агрессиясы башталып кетип, бул жагынан көп маалыматтар чыкпай, жабылуу бойдон калганы ырас. Бирок өлкөдөгү саясый күчтөр өз ара масилеттешип, жакындашууга кадам салышып, мындан ары ынтымакта болушарын кыйытышыптыр. Эгерде саясатта өзгөчө кырдаал жаралып кетсе, чукул убакытта биригишери болжонду. Биримдиктен өткөн баалуулук барбы? Өмүрбек Бабанов турмуштун ачуу-таттуусун көрүп, такшалып, элдин келечеги үчүн унчукпай, арканды да алыс ыргыткан кербези... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер