Акыркы кабарлар
» Саясат » Бекболот Талгарбеков докторлук диссертациясын жактагандан кийин саясатка кайтып келеби?
Бекболот Талгарбеков докторлук диссертациясын жактагандан кийин саясатка кайтып келеби?
14-июнь, 22:54

Саясаттан убактылуу кеткен Бекболот Талгарбеков докторлук диссертациясын жазып жатканынан кабардарбыз. Кудай буюрса, күз айларында жактап калса керек. Негизи заманга жараша илимий ишти коргоо да татаалдашып, кыйла каражатка такаларын айтпасак да түшүнүктүү эмеспи. Бүгүнкүдөй каатчылык заманга карабай каарманыбыз билегин бек түрүп, күжүлдөп эмгектенгенине баракелде! Бул курактагы пенсионерлер илимий эмгек жазышмак турсун, тыңгылыктуу баса албай калышкан да. Акыл-эси тунук, кайратман мүнөздөгү Бекболот агабыз баштаган ишин аягына чыгарса, саясатка кайра кайтып келеби? Себеби, Батыш, Чыгыш өлкөлөрүндө 70 жаштан ашкан саясатчылардын ооматтары артып, чоң жарыштарда ийгилик жаратып жатышпайбы.
"Азия Ньюс" гезити