Максат Кулуев, обончу, төкмө акын: “Ырыма таасирленип, айылга көчүп кеткендер бар”


-- Максат мырза, сиздин “Жөнө балам” аттуу ырыңыз тим эле эт жүрөктү эзип, уккан адамдын эч бирин кайдыгер калтырбаса керек. Бул чыгарма кандайча жаралып калды?
-- Бул ырды 2016-жылы жай айында жазгам. Сөзү менен обону бир чыгып калды. Ага чейин мен жайлоодо өсүп (таятам чабан эле), тоодо ат минип, Талас менен Жумгалдын айылдарында чоңойдум. Тайларым Жумгалдан, атам Бакай-Атадан болот. 2000-жылы шаарга окууга келгенден баштап эле беш жыл бою тоо эсимен кетпейт, айылды сагынам. Чабан болуп калгангабы, жатарда эле оозума кымыздын даамы келе берчү. Ошол кусалык сезим күчөп жүрө берген экен, бир күнү “айда балам, жылкыңды, ата-баба журтуңа” деп сагынычтан, кусалыктан болду окшойт, кайырмасы менен ыры чыгып калды өзү эле. Сыртта мекендештерибиз көп жүрөт мигрант болуп, шаарга көчүп келип, айылга барбай койгондор да арбын эмеспи. Эмне болгондо дагы ата конуш, айыл унутулбай, ошол жерде бир бала турушу керек деген да салт бар. Ошол сезимден келип жазылды. Сөзүн, обонун жазып, элге тартууладым. 2017-2018-жылы кыргыз ырларынын арасында эң мыкты ыр катары таанылды. Бүгүнкү күндө ырдалып жүрөт. Бул ырды уккан киши кайдыгер калбайт деп ойлойм. Телефон чалгандар көп. Түз эфир учурунда бирөө: “Күйөөм каза болуп калып, балдарымды шаарда өзүм чоңойттум. Ушул ырды уккан айылдагы чоң апасы неберелерин чакырып, атасынан калган үйүн гектар жери менен кошо белекке берди, сенин ырыңа аябай таасирлениптир” деди. Кийин дагы бир киши чалды, “Максат, биз айылдагы үйдү сатып ийдик эле. Туугандар акча чогултуп, кайра сатып алдык. Ырың аябай таасир берди” дейт. Бирөө болсо “Нарынга барып, там салып, ата конушумду жаңырттым” дейт. Ушундай мисалдар көп. Ырга таасирленип, айылга көчүп кеткендер бар. Элге пайдасы тийген ыр болду да.
-- Ырыңыздын сөзү да аябай жетик жазылыптыр...
-- Негизи мен төкмө акынмын да. Экинчи кесибим театр, кино факультетин бүткөм. Консерваторияда окуп, Тууганбай Абдиев, Ашыралы Айталиев, Эстебес Турсуналиев, Замирбек Үсөнбаев сыяктуу залкар агайлардан сабак алгам. 11-класстан эле ыр жазам. Көптөгөн обондуу ырларымды башка ырчылар ырдап жүрүшөт. Айтор, өмүр бою ыр менен аралашып келатам.
-- Жалаң залкарлардан таалим алып калган экенсиз...
-- Мени окуткан негизи Тууганбай Абдиев, Ашыралы Айталиев болгон. Институтта Замирбек Үсөнбаев окутту. Ал эми театр жагынан айылда Шакин Эсенкуловдон, шаарда Алмаз Зарлыкбеков, Аман Жапаров, Бектен Абдылдаев, Мелис Шаршенбаевден окудум. Кыргыз драма театрында он жыл актёр болуп иштедим. Сабира Күмүшалиеванын юбилейинде “Төкөлдөштүн төрт кызы” аттуу ыр окуп, ал кишинин батасын алып калдым. Советбек Жумадылов, Дүйшөн Байдөбөтов, Жамал Сейдакматова эже менен иштешип калдым.
-- Жалпы канча обон жараттыңыз?
-- Мен көп деле обон чыгарбайм. Аз, бирок саз жазгым келет. Кийинчерээк мекен жөнүндөгү ырларды көп жазып калдым. Мисалы, “Азаттык”, “Кара кыргыз”, “Ынтымак”. Баш-аягы жыйырмадай обонум бар. Анын ичинен ондон ашыгы элге тарап, алты-жетөө ("Теңим бар", "Сезимдешим" сыяктуу) ырдалып жүрөт.
"Азия Ньюс" гезити











