Аида Салянова №1, таза шайлоо болсо жеңишке жетет!

Бишкек шаарынын Свердлов округунан Аида Салянованы басымдуу элдин көпчүлүгү колдой баштаганы байкалды. Жогорку Кеңешке мыйзамды терең талдай алган, билимдүү, эл көйгөйүн таасын айткан, тажрыйбалуу кадрдын келиши мамлекетибиз үчүн да пайдалуу эмеспи. Жердешчиликке алдырбаган, адилеттүү коомду курууга ынтызар жашоочуларыбыз колдоого алып атышканы жашыруун эмес. Эгерде акыркы кезеңдерде акча таратуу, административдик ресурс, ыплас көрүнүштөр күч алса, анда караламан калк добушун уурдатат. Чечүүчү ыңгайда шайлоочулар татыктуу талапкерди тандай алышса, ал жемишин берери талашсыз. Ушул күндө Аида Салянова коомчулуктун рейтинги боюнча №1, элдин колдогон талапкери катары сап башында турат. Буюрса, тагдыр сыноосу туура жагына чечилиши керек. Туруктуулук үчүн таза шайлоонун болушу маанилүү.
"Азия Ньюс" гезити