Мирлан Орозбаевдей чынчыл, ак адам Ош шаарына мэр болсо жарашмак!
“Улуу журт” партиясынын лидери Мирлан Орозбаев тергөөчүлүктөн телчиккен, табиятында калыстыктын каны ойногон, көп убакыттан бери коомдук иштер менен алектенип, саясый чөйрөгө таанылып калды. Албетте, жаратмандык, жакшы үлгүсү менен! Ал чындык үчүн күрөшүү жолунда бир жылдан бери көп иштерге батыл аралашып, өзүнүн тазалыгын көрсөттү. Былтыркы парламенттик, быйылкы шаардык кеңештердин шайлоосунда “Улуу журтту” уңгу катары көтөрүп, коомчулукка күрөшчүл жаштардын лидери катары сыноодон өттү. Мындай билерман, адилеттүү замандашыбызды эл үчүн иштетип, күчүн алуубуз зарыл. Башка жакты мисал кылбасак да, ошол эле Ош шаарына Мирлан Орозбаев мэр болсо, ишбилги жаны билими менен тажрыйбасын камырдай жуурулуштуруп, мекендештери үчүн ак кызмат көрсөтөрүнө бөркүбүздөй ишенебиз. Чынчыл, ак адам акыры элине кызмат кылат. А бийлик мындай азаматтарды эртелеп катарына тартса не?..
"Азия Ньюс" гезити