Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ар бир мүнөт баалуу экенин түшүндүм

Ар бир мүнөт баалуу экенин түшүндүм

21-ноябрь, 16:51
739 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Каза болуп калган жаш келинге куран окуттук. Артында тестиер үч баласы калыптыр. Тестиер балдардын көздөрүнө тигиле бердим. Көздөрү муңайым.   Келиндин тирүү кези көзүмө элестеп туруп алды. Той-топурларда кызмат кылса, балдарына таттуунун жакшысын тандап чөнтөктөрүн толтурчу. Айланып кагылып, кайра-кайра жүздөрүнөн сүйчү. Кыздарынын кооз көйнөктөрүн улам алмаштырып, чачтарын өрүп турчу. Эмичи?.. Апасы жок бөбөктөр мостоёт. Чачтары саксайган. Кийимдерин кир чалган.

Бөбөктөргө жүрөгүм ооруп, көзүмө жаш айланып, буркурап-боздоп ыйлагым келип, бук болуп чыктым. Атасын “эртерээк үйлөндүрөлү” деген кептер болду. Бирок, өз энесинин ордун эч ким толтура албас... Ал берген мээримди эч ким төгө албайт...

Жолдо жүрөгүм ооруп, ушуларды ойлоп келе жатып, уктап кетипмин. Түшүмдө мен да өлүп калыпмын. Денем көрдө жатат. Бирок, рухум учуп келди. “Балдарым кандай күн көрүп жатат?” деп чыдабай учуп келди. 

Балдарымдын өңдөрү бозоргон. Көздөрү кайгылуу. Кызымдын жүрөгү букка толуп, болгон кайгысын, кубанычын менин бейитиме айтып жатты. Боз топуракка көз жашы төгүлүп жатты. Баарын көрүп, баарын туюп, бирок колумдан эч нерсе келбей, айланчыктап жүрдүм. Делбирттеп, кайгыдан жалбырттап жүрдүм. Түндө да келдим. Ордум муздак. Мурдагыдай балдарымды кучактап, жыттап жаткым келди, бирок жата албадым. Жөн гана ыйлап жаттым.

Ойгонуп кеттим. Көзүм жашка чыланып, жүрөгүм ооруп калыптыр. Бирок, тирүү экениме кубандым. Жаратканга шүгүр кылдым. Ар бир күн, ар бир мүнөт баалуу экенин түшүндүм.


АЙДАЙ

“Азия Ньюс” гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер