“Мишка-пакет” каймана атындагы Горбачев менен аялынын шапар тепкени
СССРдин эң акыркы президенти Михаил Горбачев 1970-78-жылдары КПССтин Ставрополь крайкомунун биринчи катчысы болуп иштеген. Чогуу иштегендердин айтымында, ошол кызматта иштеп турганда Горбачевдун “Мишка-пакет” деген каймана аты болчу экен. Бул ат ага белек-бечкек алганды жакшы көргөнүнөн улам берилген. Айрыкча анын жубайы Раиса Максимовнанын алкы жаман эле. Соода базаларын бирден кыдырып, кандай жакшы товар болсо бүт алууга ашыкканы айтылат...
“Мишка-пакет” кол алдындагылардан белек алганга гана эмес, жогору жактагыларга пара бергенге да өлө уста болчу экен. Ставрополь крайына командировкалап келген москвалык жетекчилерди жасакерлене тосуп алып, резиденциясында аябай сыйлап, анан кетеринде белек-бечкектерди берип узатчу тура. Мисалы, Михаил Сусловго кымбат баалуу импорт мылтык, ал эми анын небересине болсо карапайым адам кийе албаган булгаары куртка белек кылган. Сусловдун кызы Маяны болсо Раиса Максимовна кошоматтанып, колунан кармап отурчу экен. Диета кармап, күчтүү тамак да жей албаган оорулуу Андроповду болсо Горбачев бал тили менен арбачу. Кийин дал ошол Андроповдун, Сусловдун колдоосу менен Горбачев Ставрополдон Москвага, КПСС БКга кызматка которулат.
“Үйрөнгөн адат калабы” дегендей, Мишканын бул өнөрү кийин ал өлкө башчысы кызматына келгенде да калган эмес. 1975-89-жылдары СССР КГБсынын 9-башкармалыгынын начальнигинин орун басары болуп иштеген Михаил Докучаев өзүнүн “Мен Брежневди жана Горбачевду коргогом” аттуу китебинде жазганына караганда, Михаил Сергеевич мамлекеттик бюджеттин эсебинен өзүнө көп сандагы квартираларды, хансарайларды курдура баштаган. СССРдин президентинин аппарат жетекчиси Валерий Болдиндин айтымында, КПСС БКнын биринчи катчысы катары ал толук мамлекеттик камсыздоодо болчу. Бирок ошого карабастан, чет элге чыкканда дайыма өзүнө олчойгон командировочный жаздырып алчу. Анан ал акчага аялы экөө кымбат баалуу кийимдерди, зер буюмдарды сатып алышчу.
Бир жолу Горбачев чет элдик бир саясатчыга берилчү белекти аябай тандады. “Убара болбой эле коюңуз, аларда деле алган белекти кайра мамлекетке өткөрүп берген эреже бар да” десем, Михаил Сергеевич кытмыр күлүп, “расмий белектер гана тапшырылат, жеке белектер өзүндө калат деп койду” деп эскерет Болдин.
Раиса Максимовнанын жоруктары болсо өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Кайра куруу жылдары “Взгляд” телеберүүсүнүн жаңы жыл астындагы саны кандайдыр бир себептер менен эфирге чыкпай калат. Публицист Аркадий Ваксбергдин айтымында, телеберүүнүн эфирге чыкпай калуусуна Брежневдин кызы Галина Леонидовнанын интервьюсу себеп болуптур. Телеге берген маегинде Брежневдин кызы Раиса Максимовна бир жолу анын атасына, генсектин үй-бүлөсүнүн башка мүчөлөрүнө кымбат баалуу белектерди берип, паралоого аракет кылганын ачык айтып салган экен.
Горбачевдун күзөт начальниги, полковник Виктор Кузовлевдун айтымында, бир жолу эртең мененки саат он бирде өтчү кеңешмеге Михаил Сергеевич саат экиде келет. Аны менен кошо койкоюп Раиса Максимовна келди да, кабагым-кашым дебей өлкө жетекчилеринин, белгилүү окумуштуулардын жанына отуруп калды. Көрсө, Михаил Сергеевич аялы качан кийинип, жасанып-түзөнүп бүтөрүн күтүп отуруп, ошондон улам кеңешмеге кечигип калыптыр.
9-башкармалыктын (күзөт кызматы) начальниги Плехановго болсо Раиса Максимовна болор-болбос нерсе үчүн улам телефон чалып тажата бергендиктен, генсектин аялынын колундагы оюнчук болгусу келбеген полковник арыз жазып кызматынан бошонот да, кийин Горбачевге каршы кутум уюштурган ГКЧПчыларга кошулуп кетет.
Горбачевдун жеке ашпозчусу Евгения Ермакова болсо Раиса Максимовна өзгөрүлүп, бирде башка буйрук берип, аны канча жолу ыйлатканын эскерет. Мисалы, түшкү тамакты саат экиге заказ берип коюп, экиге саналуу мүнөт калганча эмне тамак жесем (?) деп ойлончу экен...
Горбачев чет элге иш сапары менен чыкканда жубайы дегеле андан калчу эмес. Михаил Сергеевич кайсы өлкөгө барбасын самолетко атайын бир машинаны айдоочусу менен кошо салып барышчу. Ал машинада Раиса Максимовна шаар аралап, дүкөн кыдырчу...
"Азия Ньюс" гезити