Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айдай Турсунбекова: “Атам менен күн шооласы тийген шалбаада кобурашып турдум”

Айдай Турсунбекова: “Атам менен күн шооласы тийген шалбаада кобурашып турдум”

24-октябрь, 00:30
1 162 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ковид апааты канчалаган мыкты адамдарды арабыздан алып кетти. Коомдук ишмер Чыныбай Турсунбековдун көзү тирүү болгондо, жасала турган жакшы иштери алдыда эле. 23-октябрь күнү маркумду эскерүү кечеси өткөрүлгөнү турат. Бүгүн Чыныбай аганын кызы Айдай Турсунбекова менен маек курдук. 

-- Жакындарын жоготкон адамдар “жок дегенде түшүмө кирсе” деп калат эмеспи. Чыныбай ага түшүңө киреби? 

-- Атам түшүмө бир эле жолу кирди. Анда өткөн жылдын ноябрь айы болчу. Мен атам менен күн шооласы тийген, абдан кооз жашыл шалбаада кобурашып турдум. Атам жакшы көрүнүп, маанайы ачык эле. Ал мага абдан маанилүү нерсени айтты. Мен аян берген түштөгү атамдын айткандарын апама жеткириш керек экенин баамдадым. Бирок, тилекке каршы, мен ойгонгондо атамдын айткандарын эстей албай койдум. Бул абдан маанилүү нерсе экенин сездим, бирок түш жөнүндө канчалык ойлосом да, биздин диалогду эстей албадым.

-- Кандай сапаттары жүрөгүңдө калды?

-- Атамдын эң эсте калган сапаттары көп. Биринчиден, бул анын оптимизми. Кандай болгон күндө да, кандай кыйынчылыктарды баштан өткөрдүк, атам дайыма оптимист бойдон калып, баары жакшы болоруна ишенчү. Көбүнчө ал мага “качан убагы келгенде баарын чечебиз” деп сабырдуулук менен жооп узатчу.

Экинчиден, анын дүйнөтаанымынын бай экени, кеңири көз карашы дайыма таңгалдырчу. “Атам кантип баарын билет?” деп ойлочумун. Ал философияны, экономиканы, эл аралык мамилелерди, искусствонун, маданияттын, экономиканын, илимдин жаңы тенденцияларын жакшы билген. Көп нерсеге өзгөчө көз карашы, пикири болгон. Менимче, сыры анын чоң кызыгуусунда эле. Ал ар дайым баарына дилгирленчү, баары ага кызыктуу болчу, жаңы нерсени үйрөнгөндү жакшы көрчү.

Үчүнчүдөн, бул анын адамдардын кемчиликтерине болгон мамилеси жана кечире билүүсү. Бул сапаттарын мен эч качан үйрөнө албагандай, бирок жүрөгүмдө калган табылгалары...

-- Жакында Чыныбай аганын поэзия кечеси өткөнү турат...

-- 2020-жылы октябрда атам 60 жашка чыкмак. Юбилейин адабий кече катары өткөрүү үчүн төртүнчү ыр жыйнагын даярдап жаткан. Жетишпей калды... Үй-бүлөбүз менен (апам, сиңдим, иним) “атам үчүн кандай иш жасай алабыз?” деп ойлондук. Атамдын атынан фонд түздүк. Фонд үч багытта иштейт: 

Атам акын эле. 25 жашында биринчи ыр китепчеси чыккан. 1989-жылы (29 жашында) Абхазиянын Пицунда шаарында өткөрүлгөн жаш акындардын бүткүл союздук 15-фестивалынын лауреаты болгон. 1991-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө алынган. Фонддун биринчи багыты поэзияга арналат.

Атам 28 жашында кыргыз адабияты боюнча диссертациясын жактаган. Фонддун экинчи багыты кыргыз адабиятына арналат. 

Атам 1994-жылы Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзунун мүчөсү болгон. “Азаттыктын” Түркия боюнча корреспонденти болуп да иштеген. Фонддун үчүнчү багыты журналистикага арналат. 

Ишти дароо эле үч багытта алып кетиш оор экен. Ошон үчүн поэзиядан баштадык. Жайында жаш акындар арасында адабий конкурс өткөрдүк. Байге фонду 240 миң сомду түздү. Баш байгени жеңип алган акынга 100 миң сом  берилди. Атамдын төртүнчү ыр жыйнагын чыгардык. Атын “Жылдыздуу жээк” деп койдук. Атам жаш кезинде жазган ырынын атынан болду. Эмнеге бул атты тандап алганыбызды ырдын мазмунунан түшүнсөңүз болот. 

23-октябрда атамдын чыгармачылыгына арналган адабий кечеде үч китептин бетачары болот: “Жылдыздуу жээк” ыр жыйнагы, “Мен дүйнөнү баланын көзү менен карайм” аттуу эскерүүлөр китеби, “ХХ кылымдагы Түрк дүйнөсүнүн адабияты” (атам бул китептин түзүчүсү жана котормочусу). Кечеде атамдын ырлары окулат, эскерүү китебинен үзүндүлөргө да көңүл бурулат. 1994-жылы атам белгилүү түрк жазуучусу Нихал Атсыздын “Көкжалдардын өлүмү” аттуу китебин кыргызчага которгон, ошол китептен да үзүндүлөр көрсөтүлөт. “Жаш толкун” адабий сынагынын жеңүүчүлөрү да өз ырларын окушат.


Жылдыздуу жээк

Эркелетип сылабастан башымды,

Турмуш мени зор майданга чакырды.

Бала кезден жетким келип эңсеген

Жылдыздуу жээк алыспы же жакынбы?


Ким кетпеген менден мурун ал жакка, 

Желбиретип жеңиш туусун саймакка.

Келет жеңиш башын сайган иш үчүн

Дешет адам канын, жанын арнаса.


Келет дешет чегинбесе, качпаса,

Дүнүйө-мүлккө ар-намысын сатпаса.

Энесинин сүтү менен оозанган

Жандүйнөнүн тазалыгын сактаса.


Келет дешет кубандырып, сүйүнтүп, 

Дос, тууганды кучак жая жүгүртүп.

Колдон келген жамандыгын аябас – 

Душманыңды ыйга салып, бүлүнтүп.


Ал жээк азыр – үмүт күн-түн чакырган,

Ал жээк азыр тилек кийген жашылдан.

Ал жээк деген максат, ойдун асманы,

Сан жетпеген үрөндөрү чачылган.


Эх, жашоого топук кылып тойбойсуң,

Бир жеңиште экинчисин ойлойсуң.

Эс алдырбай дайым жолго чакырган,

Жылдыздуу жээк аман болсун, бар болсун!

Эржанга

Кымча белдүү, буура сан,

Кумурсканы туурасаң,

Кызга балким суусаң да,

Ишке, балам, суубасаң -

Жашарганым ошо да!


Көзүң күйгөн чырактай,

Сөзүң агып булактай,

Көңүлүмдү агартып,

Жууп койсоң суратпай –

Тазарганым ошо да!


«Чарт-чурт» этет чагылган,

Чагылгандай жагылган,

Балалыгың чалынып,

От кемитсе жанымдан ­–

Алынганым ошо да!


Бөдөнөнүн сүтүндөй,

Бөтөн оозго ичирбей,

Бөпөлөгөн ой-тилек

Бөгүп турса бүтүндөй –

Тарылганым ошо да!


Уктап кайра ойгонуп.

Жатып-туруп ойлонуп,

Жакшы ишиңе тырнактай

Жандүйнөмдө той болуп –

Мактанганым бар болсун!


Калдалактап жүгүрүп,

Барбалактап сүйүнүп,

Баласаактык мүнөзүм 

Бар экени билинип –

Актанганым бар болсун!


Ак ниетиңен дем келип,

Бар оорудан эмделип,

Апаң кошо жанымда,

Ар нерсеңи тең көрүп –

Кубандырсын Кудайым!


Алтын балам, жан балам,

Күлүп күндү кармаган,

Жерге эңкейип иш кылып,

Элге эмгегин арнаган –

Адам кылсын Кудайым!


Бир чындык

Айдай сулуу болсо да,

Арзып жүрүп алганың,

Айдай муздак болбосун –

Мисирейип жашооңу

Музга айлантып койбосун!


Күндөй сулуу болсо да,

Күтүп жүрүп алганың,

Күндөй ысык болбосун –

Күлүп туруп жашооңу

Күлгө айлантып койбосун!


Жакшы болсо алганың,

Мыкты менен тең кылат.

Багып алган балаңы

Байлап сага бел кылат.


Жаман болсо алганың,

Жамандан да кем кылат.

Жакшы көргөн балаңа

Өчөштүрүп жем кылат.


Сүйгөн жарың ак болсо,

Сүйүү деген – бул жомок.

Бапестелип бак консо,

Барган жери оңдолот.


Сүйгөнүңөн жаңылсаң,

Сүйүү деген кордолот.

Чырлуу жанга кабылсаң,

Чыкпай турган жол болот.


Жакшылыкка атасаң,

Жалгыз башың үч болот.

Түшүнүшүп жашасаң,

Түбөлүгүң түз болот!

04.11.2017


Мигрант менен ишкердин диалогу

-- Айтыңызчы байкеси, жашоо кандай?

Сагындык биз жер жок эч Кыргызстандай!

-- Жашоо жакшы, бардыгы баягыдай,

Акаевдин, Бакиевдин заманындай.

-- Анда жашоо эч кандай жакшы эмес го?

Ошолордон бул жакка качты элек го!

-- Алар дагы качышкан артыңардан,

Ал бийликти башкалар тартып алган.

-- Тартып алып эмнени кыйратышты?

-Жакындарын аябай жыргатышты!

-Деги соттор пара албай калыштыбы?

-Азыркыдай анда көп алышчубу?

-- Милициялар али да сабашабы?

-Көргөзбөсө күчтөрүн жарашабы!

-- Ак жеринен адамды камашабы?

-Эмне сындаш бийликти тамашабы?

-Бөлүшпөсөң бандиттер жан алабы?

-- Буйрук берсе жогортон абалары!

-Инвесторлор көп келип жатса керек?

-- Инвесторго башка жак жакса керек.

-Ишкерлер кыйла эле тапса керек?

-Ишкер үчүн кредитке акча керек.

-- Айтыңызчы, айтканга башка барбы?

-- Айлап-жылдап күтөбүз акчаңарды!

-- Дайым күткөн балдарым ойдо менин.

-- Өкмөттөгү күтүшөт чоңго чейин!

-- Курусунчу өкмөттөгү ошол чоңдор!

-- Туура айтасың, таптакыр калды болбой!

-- Жок дегенде силерди жөн коёбу?

-- Кыймылдатыш ишиңди жөн болобу?

...Бизди койдук, силерчи, силер кандай?

-- Чын-чынына келгенде биз ар кандай.

-Бир батирге тыгылбай калдыңарбы?

-- Бишкек, биздин акчабызды алдыңарбы?

-- Деги жакшы тойгузгула кардыңарды.

-- Эмне, бизге бир нерсе салдыңарбы?!

-- Алыс жерде аман-эсен болгулачы!

-Силер такыр чуру-чууну койгулачы.


-- Бизде болсо бардыгы баягыдай...

-Бизди болсо адам жок аягыдай...

04.06.2020


 Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер