Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мастык аралаш махабат кумары. Сүт жыттанасың...

Мастык аралаш махабат кумары. Сүт жыттанасың...

17-декабрь, 12:00
733 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

СМС жазып калдың. “Салам! Жакшыбы?” деп. Жооп бердим. Акыбал сураштык. Анан мен акыркы жолу сага качан жолукканымды эстей албай аттым. Күн жылуу, жай болсо керек. Бир жарым жыл мурда экен. Квартираңа алагүү болуп бардым. Төрт айлык кызың уктап жатыптыр. Колумда бир бөтөлкө, “закүскеси” менен. Сен ичпей койдуң. “Эмизип атам...” деп. Жарым бөтөлкөнү сөз арасында шыңгытып жибердим. Ара-чолодо кызыңды эмизип, кайра уктатып койдуң. Көйнөк кийип алганда көп байкалбайт тура. Кучагыма имерсем кичинекей эле куурчактай болуп калдың. “Коё турчу?” деп каршылык көрсөтөсүң. “Аспабым” иштеп турганда токтоно алмак белем? Уйпалаша кеттик... Жарым саатка жетпеген махабат кумары мастык аралаш сонун сезимдерди тартуулады. Көл-шал боло “ишибизди” бүтүрдүк. “Аябай арык экенсиң э?” дедим. “Салмагым 43кө түшүп калды...” дедиң. Чырмалыша кучакташып жаттык. Сүт жыттанасың...

Кайра сенден СМС келди. “Мен ажыраштым. Экинчи аял болгон жаман экен” деп жазыпсың. “Аа, жакшы” дедим ичимен... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер