Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Батор Романов, бурят жазуучусу: Алгачкы сүйүү...

Батор Романов, бурят жазуучусу: Алгачкы сүйүү...

31-декабрь, 23:48
413 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

ңгеме)

Аптап. Күн асманда тээ бийикте илинип турат. Куштар сайрабай, теребел жымжырт. Бир гана чөптөрдүн арасындагы чегирткелердин жадатма чырылдаганы угулат. Койлор да ысыктагы үптөн улам бир жерге топтолуп алышкан. Аптаптан эч кайда качып кутула албайсың. Чуркап барып дарыяга киринип келсемби? Сууга киринсең дароо сергий түшөт эмессиңби! Ооба, дарыяга чуркап барып келейин.

Мен дарыяны карай чуркап бардым да, жанга жагымдуу салкын желаргыга туш болдум. Көгүлтүр кабырчыктуу тегиздик мени өзүнө азгырып чакырып жатты. Сайдын жарлуу жээгинде көйнөгүмдү жана шымымды чечип, дароо сууга башым менен секиргим келди. Бирок мени бир нерсе токтотуп калды. 

Тээ ылдыйдагы көгүлтүр суунун жээгинде апакай кумда бирөө отуруптур. «Ким болду экен?» деп абайлай аста карай баштадым. Бул жерге биздин айылдагылар чанда гана келише турган. Бул ээн жай эле. Суунун жээгинде дарыяны карап бейтааныш бир кыз отурат. Анын ийининен коюу кара чачтары түшүп туру. Тизесин кучактап дарыяга тигилип отуруптур. «Сага эмне болду?» дедим өз ичимен. «Жапайыга окшойсуң да. Оозуң ачылып бейтааныш адамды аңдыганың эмнеси! Кирингени келдиңби, кирингиниң да, келесоолонуп турбагын» дедим. Ошентип, мен жүгүрүп барып, дарыянын муздак суусуна секирип, башым менен чумкудум. Кызык, ал күтүүсүздөн чочуп кетпеди бекен? Кокустан «селт» эттиби же этпедиби? Менин сууда сүзгөнүмдү карап жатты бекен же карабай эле отурабы? Мына азыр тереңге сүңгүп кирем да, көпкө дейре чыкпай коём. Ошондо эмне кылар экен? Кыйкырабы? Ыйлайбы? Кишилерди чыкырабы?

Мен ичиме абадан көп толтуруп алдым да сууга чумкуп, наркы жээкке сүзүп чыктым. Жээкке колум тийгенде гана башымды суудан чыгарып, тиги кызга көз жүгүрттүм. Баягы эле бойдон мелтиреп отурат. Мүмкүн ал мени таптакыр аңдабагандыр. Кызыктай эле экен. Эчтеке эмес, азыр ал мени көрөт. Мен айылдагылардын баарынан мыкты сүзөм. Мени байкабай эле көрсүнчү!

Мен тартаңдап кайра сүзүп келдим. Алгач кулачтап чабак урдум, анан колумду суудан чыгарбай, кийин эки колумду бирдей кыймылдатып сүзүп бардым. «Бул кыз мени караса экен» деп отуруп энтигип да кеттим. Мына, жээкке да жеткени калдым. Демимди алып, паровоз сыяктуу энтигип, жээкке чыктым да кумга оонап эс ала баштадым. Анан отура калып сууга таштарды ыргытып кирдим. Кызды карап да койбойм. Мени карагысы келбейби, кереги жок. Мага керек болуп жатыптырбы? Жайгашып алганын кара!..

А бирок баары бир кызыктай кыз экен. Мен бир-эки жолу астыртан көз кырымды салдым. Эмнегедир ички дүйнөмдө дүрбөлөң түшкөндөй болду. Кадимки эле кыздардын бири. Бирок аны караган сайын тынчым кетип жатты. Унчукпай гана отурат. Бир жолу бери бурулуп койсо боло. Мен аны көргүм келбегенин унутуп калып, баардык жагынан саресеп сала баштадым. Анан ал кокусунан мага бурулуп, жүзүмө тике карады. Мен күтүүсүздөн «селт» этип кеттим. 

-- Муздак бекен? - деп сурады ал. 

-- Жок, анчейин муздак деле эмес, - деп мыңкылдап, негедир кулагым ысый түшкөнүн баамдадым. Ушул эле жетишпей жатты эле. Каяктагы бир бейтааныш кыздан уялып турамбы! Жок мындай болбойт!

Эсимди жыйып алып, анын көзүнө тике карадым. Анын көздөрү капкара, кирпиктери музоонукундай узун эле. Аны «муздак жана текебер болсо керек» деп ойлопмун. Бирок бул көздөр жылмайып жана жароокерлене карап турду:

-- Сенин атың ким? – деп кыз менден сурады.

-- Булад.

-- Булад! Кызык ысым экен. А сен сууда мыкты сүзөт турбайсыңбы! Булад, кааласаң жакыныраак отур. Отур, отура бер! - ал күлүп жиберди. -- Мен каап албаймын да, Булад!

Абалдын мынчалык өзгөргөнүнө абдан таңданып, мен акырын жылып жакыныраак отурдум. 

-- А мени Эржени дешет, - кыз көңүлдүү айтты. -- Таанышканыма абдан кубанычтамын. Канчанчы класста окуйсуң? Тогуздабы? Мен да тогузунчу класстамын. Силердин жериңер абдан көркөмдүү экен. Жомоктогудай чырайлуу! Билесиңби, мен дарыяга телмирип отурам да, негедир өзүмдү абдан кичирейип кеткендей сезип жатам. Куду эле бешикте термелип жаткандай абалдамын. Кызык да, туурабы? 

Мен болсо унчукпай отура бердим. Досторумдун арасында эч качан тартынчу эмесмин. Мында отуруп алып ооз ачууга жараганым жок. Түшүнүксүз кырдаал. Минтип отура берүүгө болбойт го. Бирдеме деп айтуу зарыл го. Болбосо бул кыз мени апенди чалыш көрсөчү...

-- Сен бизге биринчи жолу келдиңби? - буйдалып араң сурадым.

-- Ооба, мен Янжиме таежемкине келгем. Мага мындагылардын баары жагууда. Теребелдеги тынчтыкты карачы! Угуп жатасыңбы? Дарыя шылдырап агып келет.

 Мен ылайыктуу жооп таба албай, унчукпай баш ийкеп койдум. Эржени ордунан туруп халатын кийди. 

-- Сен анчейин сөзмөр эмес экенсин, Булад, - ал дагы күлдү. -- Бирок бул эчтеке эмес. Баары бир сени менен таанышканыма курсантмын. Мен бул жердегилердин эч кимисин тааныбайм. Көрүшкөнчө, Булад! Биз дагы жолугушуп каларбыз, - ал жээкти бойлой Янжиме таежеси жашаган ферманы көздөй басты. А мен отурган бойдон анын артынан карай бердим. Мен Эржени калың токойдон ары дарыянын имерилишинен өткөнчө көз албай турдум. Анан гана ордуман атып, туруп оторду карай чуркадым.

Менин койлорум буудай аңызына жетип калышкан экен. Баары жайылып чачырап кеткендиктен көпкө убараланып чогулттум. Турагыма кайтуу убагы келди. Кечкисин койлорумду камап коюп, бетимди, мойнумду жана колдорумду жакшылап жууп, ферманы карай аттандым. 

Ал жерде кайың кашаага таранчылардай болуп жөлөнүшкөн бир топ балдар чурулдап жатышыптыр. Жакында аскерден келген Баир үч жаштагы азоо айгырды багынтуу үчүн кара терге чөмүлүүдө. Баирдин колунан эчтеке келген жок. Жылкы жаныбар улам мөңкүп, бышкырып, көзүнүн кыйыгы менен карап жатты. Качан гана Баирге үч азамат жигит жардамдашканы чыгышканда жапайы жылкыга ээр салынып, саал жоошуй түштү.

-- Жакында көнүп калат, - деди малчы Даши, -- Мындан да албууттарды көргөнбүз!

Тушоодон бошоно албасын сезген айгыр Баирдин жанындагы арканга байланып, жин тийгендей чуркай берди. 

-- Баир, ээрге секирип мин! Эмне турасың? - койчу Даши Баирди шаштырды. -- Мен сендей чагымда мындан азоо жылкыларды чапкам. Азыр андай алым жок. Кабыргамды сындырып аламбы? Карылардын сөөгү морт келет эмеспи.

-- Менин кабыргаларым деле мындан беш жыл илгеркидей эмес, - Баир жооп узатты. 

-- Бизде мында жашыраак баатырларыбыз бар. Кана, Булад неге карап турасың? Сенин жашыңда ушундай келишкен жылкыны карап туруу жарашабы? Карасаң, ал сени күтүп турат. Кана, эмнеге жөндөмдүү экениңди көрсөтчү!

Мен бир паска буйдала калдым. «Эржени мени сынап атты бекен?» деп айланама саресеп салдым. Эржени балдардын арасында отуруп, мени карап күлүп турду. Ошондо мен тосмодон жерге ашып түшүп, Баирдин колунан арканды алдым. Мен аста-секин айгырга жакындай бердим. Ал кутурган немедей башын чайкап, кызарган көздөрүнүн кыйыгы менен карап, ызгаардуу суукта калгандай калтырап-титиреп кишенеп жатты. Мен колумду алга сунуп, этияттык менен жээрде айгырдын башын кашыладым. Акыры жылкы жаныбер тынчтанып калды. Ошондо мен сол колум менен ээрдин алдыңкы башынан кармап, бүткүл денем менен түйүлүп туруп, айгырга секирип миндим. Айгыр эки аягы менен тик турду. Ох, ал мени жонунан түшүрүү үчүн кандай гана аракеттенбеди дейсиң! Ал улам ийилип, чукул секирип, арткы туяктары менен жерди чапчый берди. Качан гана анысынан эчтеке чыкпаган соң жоготкон азаттыгын алгысы келгенсип, мени шамал менен кошо жарышып, шалбааны көздөй алып учуп жөнөдү.

-- Оо, Булад, сен чыныгы баатыр турбайсыңбы! - Эржени таңгала сүйлөдү. Мен көбүктөнүп тердеген айгырдын ээринен чарчаган буттарымды жазганы жерге секирип түштүм. 

-- Булад, сенден аябай суранам, мага да ат мингенди үйрөтчү? 

Эртеси эртең менен жоош атымды минип алып, Янжиме жеңенин үйүнө бардым. Көгүлтүр түстөгү спорт костюмун кийген Эржени мени босогодо күтүп туруптур.

-- Азаматсың Булад! Сөзүңө турупсуң, - Эржени сүйүнүп кетти. 

Бирок чынын айтсам, мен бир аз чочулап турам. Бул ат кечээкидей азоо болбогону менен бир топ түйшүк тартырары шексиз эле...

-- Азыр дайраны кантип кечип өтөрүбүзгө башым жетпей айраң таңмын. Таеже, тим эле коюңуз! Көрдүңүзбү суу улам көбөйүп жатат, - Эржени жалбара баштады.

-- Кантип андай болсун? Сүттү тапшыруу зарыл да. Каалайсыңбы-каалабайсыңбы, барууга туура келет,- сөзүнөн кайтпаган Янжиме жеңе арабага толтура бидондорду жүктөп, атты кечмеликке айдап барды. 

-- Янжиме таеже, токтоңуз! - Эржени кыйкырды.

Бирок Янжиме жеңе эч нерсени уккусу келген жок. 

-- Аны токтотчу Булад, сенден суранам! - Эржени мага кайрылып калды. -- Мени ал таптакыр укпайт. Ал чөгүп кетиши мүмкүн. Кудай ай, кандай гана өжөр аял! Түшүндүрө албайсың! Янжиме таеже, токтоңуз!

Мен арабаны кууп жеткени артынан чуркадым.

-- Кана, түшүңүз! Сүттү мен өзүм алып барам.

-- Дагы эмне дейсиң! Сендей баланы апаңа мен кайдан тууп берейин? Сен дарыядагы сууну карасаңчы! Шыр эле агызып кетет. Янжиме жеңе камчысы менен аттын соорусуна басып алды. Бирок, мен бара жаткан арабага секирип чыгып, Янжиме жеңенин колунан чылбырын алдым.

Жылкы жаныбар дарыяга жакындап, камчынын уусу астында титиреп, албууттанган сууга кирүүгө аргасыз болду. Сайды ортолоп калганда суу арабадан аша баштады. Мен төмөн жакты карай албадым. Башым айланып кетти. Арабанын астындагы суу зор ылдамдыкта агып жатты. 

 Бирок, тиги жээк акырындап жакындай берди. Төрт метрдей аралык калды. Бир убакта ат токтоп калды. Жылкынын жанындагы жыгачты байкап, араба ташка такалып калганын сездим. Дөңгөлөк айланбай калды. Ойлонууга чама жок. Мен бар күчүм менен чылбырды четке тартып, бечара атка камчыны басып-басып алдым. Жылкы жаныбар күчөнгөндөн онтоп, акыркы күчүн жыйып, алга жыла баштады. Биз ордубуздан козголдук. 

Тиги жээкке чыкканда гана мен кылчактап артка бурулуп карадым. Эржени ташкындаган дарыянын наркы жээгинен мага кол булгалап, бирдемелерди кыйкырып турду. Мен арабаны калтырып коюп, атка минип, кайра жөнөдүм. Суу бууракандап агып жатты. Дарыяны ортолоп калганда атка сүзүүгө туура келди. 

Мына биз кайрадан фермадабыз. Янжиме жеңе мени үйүнө жетелеп, каймак жана чай, таттуу куймак менен сыйлай баштады. Эржени бурчта отурду. Үйдүн ичи күңүрт болчу. Ал мени карап жаткандай туюлду. Мен жөнөгөндө ал узатып кошо сыртка чыкты. Короодо менин колуман акырын кармап мындай деди:

-- Көзүңдү жум!

-- Эмнеге?

-- Жума берсеңчи?

Мен таңгала көзүмдү жумдум. Менин оң жагыма куду бир байчечекейдин желекчеси үзүлүп, эркелеп түшкөндөй жылуу жана жумшак илеп тийгендей болду. Жаагыма жеңил дем алуунун чачырандысы ага баштады. Мен көзүмдү ачканымда Эржени үйүнө чуркап кирип кеткен экен. Мен өз ордуман каккан казыктай жыла албай турдум. Муздак колдорумду жалын болуп күйүп жаткан оң бетиме тийгиздим. Ошондон бери мен Эржениге жакындай албадым. 

Бир жолу балдардан анын кетип жатканын уктум. Мен дароо кийине коюп, шалбаада оттоп жүргөн Торуну минип, ферманы көздөй чаап жөнөдүм. Өз убагында барган экем. Эржени Янжиме таежеси менен жолго чыгыптыр. Анын колунда чоң сумка бар эле. Эржени менин Торума жакындап, баркыттай тумшугунан сылады.

-- Көрүшкөнчө, Тору ат! - ал муңайыңкы айтып, мен тарапка көз жүгүрттү. -- Сен да аман бол Булад! Кийинки жайда келсем керек. Мени күтөсүңбү?..

Бирок кийинки жай келди да кетти. Анан дагы бир жай өттү. Кийин дагы бири...

Таң азандан мен дарыянын жээгине келдим. Мен мурда Эрженини көргөн жерде мага ийинин салып, кара чачтуу бир кыз отуруптур. Менин жүрөгүм титиреп кетти. Эржениби?! Анын бутунун астынан бир камыш үзүлүп түшүп, сууга ага баштады...


Орусчадан которгон Адылжан Жажанов 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер