Балбак Түлөбаев кошоматтанып жашагандан уялбайбы?

Өткөн мезгилдерге жана Сокенин бийлигине көз чаптырып, ашынган кошоматчы катары Балбак Түлөбаевди жаземдебей тааныйбыз. “Мен талтайбайм, Сооронбай Шарипович менен аягына чейин барам, туруп берем” деп жүргөн жагымпоздун Садыр Жапаровдун короосуна кандай кирип кеткенин байкабай калдыңарбы? Үч жылдан бери Садыр Жапаровду мактап, “алтын шилекейин” чачыратып эле келатат. Жагалдануу да кумарбы? Чарчабайт экен. Уят-сыйытты жыйыштырып коюп, далбактаганын көрсөң, жипкирип кетесиң да. Өткөн жумада дагы чыга калды. Төрт пансионат боюнча актоо сөзүн айтып, будамайлап, “Садыр Жапаров Кытайдын карызын азыр деле төлөп салат, банкта алтын запастары бар” деп ооз көптүрдү. Бирок коомчулук андай деле реакция кылган жок. Балбактын баягы айтып келген кошоматтарынын бири катары кабылдашты окшойт. Ушинтип жашагандан уялбайбы? Эрксизден баш чайкайсың да.
"Азия Ньюс" гезити