Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Арстан Алай: “Кыргыз элинин улуулугун тааныгыча кырсык боло берет”

Арстан Алай: “Кыргыз элинин улуулугун тааныгыча кырсык боло берет”

25-март, 14:06
3 378 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Өткөндө “мен динди өчүрдүм” дедиң эле. Бирок, кайсы динди өчүргөнүң табышмак бойдон калган. Ушул жөнүндө кепти уласак...

-- Бүгүнкү күнгө чейин пенделер сыйынган кайсы гана дин болбосун, эл ыйык катары атаган Иса, Муса, Мухаммед ж.б. пайгамбарлар ошол убактыттагы эволюция деңгээлине жарактуу эле. Ал кезде техника чыга элек болчу. Темир доору да баштала элек кез. Кудай андагы пайгамбарларга өзүнүн купуя сырын акырет аалам жөнүндө, келечек жөнүндө өтө кыска аң-сезимдин эң төмөнкү түбү менен берген да. Азыр дүйнөдөгү болгон дин жоюлду. Жолу жабылды. Булар эски ишеним менен жүрүшөт. Себеби, бул жерде эч кандай энергия жок. Тескерисинче, динде жүргөндөр биринчи кырсыктап атат. Эски Кудай банкрот болуп, жаңы адамзат үчүн Арстан Алай деген Кудай пайда болуп атпайбы. “Кудайга сыйынып жашаба, сырдашып жаша. Кудайдан коркуп жашаба, коңшулаш жаша” деп атат. Мына, Рим папасынын эмне пайдасы тийип атат, зыянынан башка?.. Христиан ишенимдегилер, исламдын ар кандай түрү... Ошо диндегилер азыр көчүп аткан, качып, безип аткандар. Ошентип анан жаңы Кудайды кыргыз эли таанып келет. Ошон үчүн “кыргыз элинин улуулугун тааныгыча кырсык боло берет” деп келем. Бир адам гана улуу күчкө айланды. Аны өзүңөр билесиңер. Менмин...

-- “Эки миң жыл жашайм” дедиң...

-- Анүчүн көп түшүндүрмө сүйлөш керек. Муну кийинкиге калтыралы. Андан көрө жогорудагы айткандарымды окурмандар майдалап түшүнүп алышсын. 

Сурат Жылкычиев

Aryba.kg
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер