Динчил күйөөмдүн “көзүнө чөп салсам”, кечирбей койду...
Мен Бишкек шаарынын бир мектебинде англис тилинен сабак берчүмүн. 29 жашка чыктым. Аз убакыттан бери турмушум бузулуп, татаал тагдырга кабылганым өкүндүрөт...
Окуучумдун атасы Марлен менен таанышып калып, анын жылуу мамилесине башым айланыптыр. Майрамдарда белек берип, ресторанга чакырып, жашоомду кызык кыла баштады. Ага берилдим...
Бат эле экөөбүз ажырагыстай болуп, жакындашып кеттик. Интим мамиле бизди жипсиз байлады. Курулушта иштеген динчил күйөөмө көңүл бурбай калдым. Ал кичинекей уулум менен көп убактысын өткөрөт. Мен кошумча жумуштарды шылтоолоп, Марлен менен жүргөндү адатка айландырдым. Бирок, мындай жыргал күндөрүм көпкө созулбады. Мектептеги байкаган мугалимдер бүт баарын күйөөмө айтышыптыр. Марлен экөөбүздүн жолукканыбызды – сүрөт, видеого чейин тартып алышып, болгон маалыматтарды өткөзүп беришиптир. Бетим ачылды. Кайын журтум, туугандарым, баары чогулушуп, уруш чыкты. Акыры уулумду алып кетүүгө аргасыз болдум.
Жашоом ичимди ачыштырат. Мен кыялдангандай болгон жок. Кайын журтум Марлендин үйүнө чейин жаңжал салып барышыптыр. Оор күндөргө кабылдым. Мектептен кеттим, кичинекей уулумду эжем убактылуу багып турмай болду. Үйсүз, жумушсуз калганым өкүндүрүүдө. Марлен болсо мени сөгүп, экинчи жолобой турганын айтты. Жоош күйөөмдүн баркын эми билип отурам. Канча жалдырап чалсам да кечирбей койду. Эми жаңы жашоомду баштаганга аргасызмын...
Негизи динчил эркектерден алыс болууну ойлодум...
Айперинин айтканын кагазга түшүргөн Кыян Сары
Aryba.kg