“Соодагер” Жеңишбек Токторбаев кожоюндарын уят кыла баштады

Жакындан бери бир депутат бакырып чыгууда. Жеңишбек Токторбаев деген. Ар кимге асылып сүйлөп, атын чыгаргысы келет окшойт. Саясатта мындай сандырактар көп эле кездешет, бирок алыска чуркашпайт эмеспи. Башкасын айтпасак да, бир мисалга токтололу. Жеңишбек Токторбаев аз күн мурун “Сооронбай Жээнбековдун убагында “Райым Миллион” башкарган...” деген мааниде “балп” эттирди. Күлкү келерлик сөз бекен? Соке кызматына киришкенге чейин эле Райым Матраимов бажы кызматынын төрага орун басарлыгынан кеткен. Болду. Чечмелөөнүн кажети жок. Анда эмнеге депутат сөөрөй бакылдап атат? Жандырмагы жөнөкөй. Райым Матраимовду оозануу менен элге таанылууга, саясый упай топтоого ашыккан кербези го. Коомчулук деле карап турат. Ыксыз жамандоо, алабарман жүрүш менен муратка жетчү беле? Жеңишбек Токторбаев тезинен акылына келбесе, байкап сүйлөбөсө шылдың боло берет. Мындай түрү менен кожоюндарын уят кыла баштады. Соода кылып жүрүп, кокусунан эле мандатка жетип, анан ырысын көтөрө албай ойго-тоого урунуп, жүзүн ачууда. Кызык кептер али алдыда...