Блогер Айжан Хамит: “Бизге кыргыздар кол сунду, ал эми биздикилерчи?”

Бул тууралуу Айжан Хамит социалдык баракчасына жазып чыкты.
“Кыргыздар казактарга гуманитардык жардам чогултуп, Бишкекте тыгылып калган Казакстандын жарандарын баш калкалоочу жай дайындап берүүгө даярбыз деп интернетте жазып жатышат. Биздин кыйынчылыкка кыргыздар биринчи болуп жардам берди, а биздикилер алардын жаранын кармап кетти. Кыргызстандын жараны, белгилүү джаз музыканты, бир аткаруусу миң доллардан кымбат турган Викрам Рузахуновду ур-токмокко алып, 200 доллар үчүн митингге катышканын моюнга алдырып жатышат.
Мунун баары Россиянын саясый технологияларына ылайык жасалып жатат. Тилекке каршы, биздин улуттук “Казакстан” каналы “1-каналга” жана “Россия 24кө” айланып кетти. Алар эки мамлекетти уруштурууга аракет кылышууда. Провокацияга алдырбагыла, посттун астына комментарийлерди чыныгы адамдар жазат деп ойлобогула. Чыныгы адамдардын азыр интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү жок” деп жазган Айжан.