Курч билдирүү менен теңата мамилеге өтүүбүзгө убакыт келди

Азыр дүйнө жүзү боюнча геосаясый оюндар өзүнүн аябагандай активдүү фазасына өтүп кетти. Дүйнөнүн көптөгөн жерлеринде согуштук кырдаалдар түзүлүп жатат. Тилекке каршы, чек ара маселесине тушугуп алып, биз менен тажиктерде дагы бир топ көйгөй маселелер жаралууда. Бирок, ошолордун ичинен Россия менен НАТО согуштук блогуна кирген Батыш өлкөлөрүнүн ортосундагы курч абал дүйнө элдерин чочулатып койду. 2014-жылдан бери көйгөй болгон орус-украин тирешүүлөрү ушул күндөрү өзүнүн апогейине жетип отурат. Эки туугандаш элдин талашы эмнеде? Болбосо, алар славян туугандар, тилдери бир, диндери дагы бир өңчөй, б.а. православ-христиандар болуп эсептелишет. Келип-келип эле баягы атың түшкүр геосаясаттык оюндар орун алып келет!
СССР кыйрагандан кийин Батыш өлкөлөрүнүн "аппетиттери" ачылып, эми Украинаны колго алуу менен НАТОнун таасирин Чыгышты көздөй, биринчи кезекте жер-суу жана кен байлыктарына эбегейсиз бай Россияга таратуу аракеттери жүрүп жаткандай. Ал эми президент Владимир Путин баштаган орус төбөлдөрү ал экспансияга каршы колунан келген баардык аракеттерин көрсөтүп жатышат. Кечээги эле Донецк жана Луганск Эл Республикалары деп өздөрүн атап алышкан Украинанын эки облустарын көз карандысыз мамалекеттер катары таанып коюу менен орустар Батыштын "эстерине чок салып коюшту". Тиреш катуу күч алууда. АКШ баштаган НАТО өлкөлөрү табияты өтө эле ырайымсыз болгон экономикалык санкцияларды Россияга таңуулап киришти.
Мындай кырдаалда биз, Кыргызстан, кандай позицияны карманышыбыз керек? Кыйын эле абал болуп турат. Россияда 1 миллионго жакын уул-кыздарыбыз эмгектенип жүрүшөт. Анүстүнө Россия менен КМШ, ЕАЭБ, ШОС жана ЖККУ сыяктуу экономикалык жана коргонуу эл аралык уюмдары менен чырмалышып алганбыз. Еврокошуун, АКШ жана Украина менен дагы эки жактуу мамилелерибиз бар. Демек, биздин көп вектордуу тышкы саясатыбыз приоритеттүү болуп саналат. Ошондуктан, мындай кырдаалда, биздин дипломатиялык көрөңгөбүз кандай экендиги жана эл аралык татаал шарттардагы дараметибиз сынала турган кезең келип турат. Менимче, биз биринчи кезекте өз кызыкчылыгыбызды көздөшүбүз керек! Ар бир кыймылыбыз, шериктеш өлкөлөр менен сүйлөшүлгөн абалда, бирок өзүбүздүн оюбузду дагы тайманбай жана курч билдирүү менен теңата мамилеге өтүүбүзгө убакыт келди. Кыргыздын кылымдарды карыткан карт тарыхынын эң орчундуу сапаттарын көрсөтө турган мезгил күтүп турат!
Каныбек Осмоналиев, коомдук ишмер
"Азия Ньюс" гезити