Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бектур Асанов: “Бийликке каршы альтернативалуу аянтча түзөбүз”

Бектур Асанов: “Бийликке каршы альтернативалуу аянтча түзөбүз”

12-февраль, 12:00
653 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бектур мырза, саясат айдыңынан көрүнбөй калдыңыз?

-- Саясат айдыңында эле жүрөбүз. Албетте, эл аралап жүргөн адам катары прессадан чыгып калсаң, “бар экен” деп коюшат. Бир аз көрүнбөй калсаң, “эмнеге жок болуп кеттиң?” дешет. Бул эми табыгий көрүнүш эмеспи. 

-- “Элдик парламент” түзөбүз дегендей кылып аттыңар эле...

-- “Элдик парламент” боюнча сүйлөшүүлөр болуп атат. Менин оюмча, эки жуманын тегерегинде өз ишин баштап калат деген ойдомун. 

-- Оппозициялык маанайда иш алып барасыңарбы?

-- Эми сөзсүз түрдө эле ыгы жок сын-пикир айтуу менен эмес. Болгону бийликке каршы альтернативалуу аянтча болуш керек. Буюрса түзөбүз. А жерде саясат айдыңында жүргөн коомдук ишмерлер, инсандар кирип, катышабыз (!) деген ойлорун билдиришкен. Дагы бир жолу айтып коёюн, “Элдик парламент” бийликке “таза, эффективдүү кызмат кылсын” деген сөзүн айтып, коңгуроо кагып, иш алпарышы керек...


Сурат Жылыкчиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер