Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айсулуу Мамашова, ЖК депутаты: “Мен Тазабек Икрамовичке абдан ыраазымын”

Айсулуу Мамашова, ЖК депутаты: “Мен Тазабек Икрамовичке абдан ыраазымын”

26-апрель, 18:35
674 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Айсулуу Турусбековна, депутат Тазабек Икрамов Түрк мамлекеттеринин парламенттик ассамблеясындагы мүчөлүк ордун сизге бошотуп берерин билдирди. Кесиптешиңиздин мындай мырзалык мамилесине кандай баа бересиз?

-- Мен Тазабек Икрамовичке абдан ыраазымын. Чынын айтсам, мындайды күткөн эмесмин. Тазабек мырза айымдарды өзгөчө сыйлаган, урматтаган кишилердин бири. Тилекке каршы, башка кесиптешимен андай сунуш болгон жок. Бирок ага карабай, арабызда джентльмендер көп экенин Тазабек Икрамович дагы бир жолу тастыктап койду.

-- Түрк мамлекеттеринин парламенттик ассамблеясы аябай абройлуу уюм. Депутат катары бул уюмдан эмнелерди үйрөнсө болот деп ойлойсуз?

-- Парламенттер бири-бири менен тыгыз иштегенде, биринчиден, бири-биринин мыйзамдарын үйрөнгөнгө шарт түзүлөт. Бизге салыштырмалуу алардын мыйзамдары жакшы болсо, өздөштүрүп, мыкты долбоорлорду кабыл алсак болот. Баарлашуу, депутаттык тажрыйба бөлүшү – бул өтө керек нерсе. Түркияда айымдарды, балдарды сыйлоо өзгөчө. Айтор, үйрөнө турган нерселер аябай көп.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер