Акыркы кабарлар
» Коом » Санариптик өнүктүрүү министрлиги кайра түзүлүп, Догоев жетектемей болду
Санариптик өнүктүрүү министрлиги кайра түзүлүп, Догоев жетектемей болду
27-октябрь, 12:03
370 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Садыр Жапаров “Президенттин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, 12-октябрда кабыл алынган "КР министрлер кабинетинин түзүмү менен курамы жана президенттин администрациясынын түзүмү жөнүндө" жарлыгына өзгөртүү киргизилет. Мындай чечим санариптештирүү жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатында кабыл алынган.
Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен Дастан Догоев министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Аны кызмат ордуна бекитүүгө макулдук алуу үчүн Жогорку Кеңешке киргизилет.