Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Трамп Нью-Йоркко аскер күчтөрүн киргизүүгө чакырды

Трамп Нью-Йоркко аскер күчтөрүн киргизүүгө чакырды

04-июнь, 18:43
546 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

АКШда башаламандык менен коштолгон толкундоолор басылбай жатат. Кечки саат сегизден тарта ондогон шаарларга коменданттык саат киргизилди. Муну менен талап-тоноо, талкалоону токтотуу аракети көрүлүүдө.

Бирок каршылык билдирип жаткандардын көпчүлүгү буга баш ийбей койду. АКШнын 29 штатында 18 миң аскер кызматкери полиция менен чогуу иш алып барууда. Нью-Йоркто полиция менен демонстранттар ортосунда кагылышуу орун алды. Маалымат каражаттары Чикагодо эки демонстрант каза тапканын жазып чыкты. Вашингтондо кишилер коменданттык саатка карабай Акүйдүн жанына топтолду. Лос-Анжелесте кайрадан дүкөндөр тонолду.

Трамп Улуттук гвардияны Нью-Йоркко алып кирүүгө чакырды. Буга штаттын губернатору Эндрю Куомо уруксат бериши керек. Бирок, азырынча ал мындай кадамга барбай турат. 

1968-жылы Мартин Лютер Киңди өлтүрүп кетишкенден кийинки окуялардан бери мынчалык расалык чыңалуу болуп көргөн эмес. Ал учурда афроамерикалыктардын тең укугу үчүн жүргөн күрөш чоң ийгиликке жеткен эле. Атуулдук укуктарды жактаган кыймыл Американын түштүгүндө караларды бөлүүнү мыйзамдык негизде токтотуп, кара америкалыктар добуш берүү укугуна жеткен. Бирок, иш толугу менен бүтпөптүр. Полициянын зомбулугун токтотуу башынан эле татаал болуп келди.

Америкада биринчи жолу кара түстөгү президенттин шайланышы расалык жараны айыктырып, бөлүнүүнү жок кылат деген үмүттөр болгон. Бирок Барак Обама анын президенттик кызматы жалаң терисинин түсү менен мүнөздөлүп калышын каалаган эмес. Анын президент болуп шайланышы олуттуу тарыхый факты болгону менен коомдо расалык прогресс жасалган жок. Расалык бөлүнүү Американын мурдатан келе жаткан көйгөйү. Азыркы толкундоолор жаңы пайда болгон маселе эмес. Айрым серепчилер муну тарыхый маселенин уландысы катары баалап жатат.


(Би-Би-Си)


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер