Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чыңгыз Макешов: “Биз зергерчиликти өнүктүрүп, 1 миллиард долларды эки эсеге көбөйтсөк болот”

Чыңгыз Макешов: “Биз зергерчиликти өнүктүрүп, 1 миллиард долларды эки эсеге көбөйтсөк болот”

26-июнь, 14:33
4 572 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Борбордук шайлоо комиссиясы 21-июнда Чыңгыз Макешовго Жогорку Кеңештин депутаттык мандатын тапшырды. Ал Өзгөн шаарынын мэри болуп шайлангандыгына байланыштуу мандатын тапшырган Нодирбек Каримовдун ордуна келди. Ишкер Чыңгыз Макешов 45 жашта. КСДПнын тизмесинде 62-орунда турган.  

-- Депутаттык мандатыңыз кут болсун! Экономиканын өсүшүнө салым кошо турган кандай пландар менен келдиңиз?

-- Кыргызстан негизинен аябай бай өлкөбүз. Жакындан бери Кумтөр маселеси көтөрүлүүдө. Эми экинчи маселе, ошол алынган алтынды зергерчиликти өнүктүрүп, кайрадан иштетип чыгуу болуп саналат. Киреше алып, байлыгыбызды эки эсе кымбат сата алабыз. Ошол алтынды чийки зат катары сатсак, 1 миллиард доллар болот. Эгер зергерчиликти өнүктүрсөк, 2 миллиард долларга жеткирүүгө мүмкүнчүлүк бар. Андан тьшкары, 100 миң адам иш орду менен камсыз болот. Ушул максатты ишке ашыруу үчүн мыйзам иштеп чыгууну пландаштырып жатам. 

Белгилей кетчү дагы бир маселе, калктын саны өсүүдө. 2050-жылдары Кудай буюрса элибиздин саны 13,5 миллионго жетет, эки эсе көбөйөт. Жетилген жаштар үй-бүлө күтөт. Үй, жер маселеси курчуйт. Ошондуктан трансформация маселесин көтөрүү курчуп турат. Ушул маселени да илгерилетүү зарыл иш. Азыр трансформация кылганга, үйлөрдү курганга уруксат берүү шарт.

Мына ушул сыяктуу мыйзамдарды күчүнө киргизгенге болгон дараметимди жумшайм. Бул жакта акчанын кереги жок. Калемдин учу менен гана туура мыйзамдарды ишке ашыруу зарыл. Азыр баары эле саясатташып кетип, экономика калып калды. Менин максатым – учур маселеси болгон экономиканы биринчи орунга коюу, көтөрүү.  


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер