Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Көзү ачык аялдар жиндер менен жыныстык катнаштарга барышып, ыплас иштерди жасашат”

“Көзү ачык аялдар жиндер менен жыныстык катнаштарга барышып, ыплас иштерди жасашат”

11-ноябрь, 10:09
17 844 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кара күчтөр, арбактар, үй ээси, рухтар, албарсты, басырык – булардын баары жиндер ааламы катары саналат. Бул аалам ар кандай сырлары менен адам баласын кызыктырып келген. Алтургай айрым учурларда азыткы азгырып, жаш балдарды уурдап кеткен (!) деген маалыматтар эл оозунда айтылып калган учурлар кездешет. Бул кандай аалам? Эмне себептен адам баласына кол салат? Себеби эмнеде? Ушул суроолорго төмөнкү макалада жооп издедик.

Ыйык Кураани Карим китебинин “Ар Рахман” сүрөөсүнүн 15-аятында Алла Таала “Жиндерди алоолонгон оттон жараттык” деген. Ошол себептүү момун мусулмандар Ыйык Куранда келтирилген аяттарга ишенүүсү парз болуп эсептелет. Бул тууралуу Мухаммед (САВ) пайгамбардын сахабаларынын бири Ибн Аббас разиялооху анху “Түтүнсүз күйгөн оттун учунда ар түрдүү түстөр болот: кызыл, сары, жашыл, көк ж.б. Жиндер оттун дал ошол жеринен жаралган” деген. Мухаммед (САВ) пайгамбар бул макулуктардын үч түргө бөлүнөөрүн белгилеген. Алар учуп жүрүүчүлөр, ит менен жыландын кейпине кубулуучулар жана туруктуу жашап, көчүп жүрүүчүлөр деген. Бул тууралуу кеңири маалыматты “Фуркан” дем салуу борборунун жетекчиси Мухаммадали БАЗАРБАЕВ айтып берди.


Жиндер да кол салат


-- Соңку кездерде жин тийген, жин кирип алган окуялар көп катталууда. Анын башкы себеби, адамдардын арам менен адалды ажырата бербегендиктен, Ислам дининде көрсөтүлгөн парздарын так аткарбагандыктан улам келип чыгууда. Биздин мекемеге буга чейин жүздөгөн адамдар кайрылып, Алланын жардамы аркылуу жин оорусунан айыгып чыгышууда. Бир ирет 20-23 жаштардагы жигитти достору алып келишти. Кадимкидей акылдан айнып, өзү менен өзү сүйлөшүп калыптыр. Отургузуп Куран аяттары менен дем салып баштаганда эле жигит курсак тарабын көрсөттү. Жакшылап карасак 5 см.ден чоңураак шишик пайда болуп, ары-бери жыла баштады. Кудайга шүгүр, кайра-кайра дем салып жатып, баягы жинди чыгардык. Айта берсек мындай мисалдар арбын.  


Жин ооруусуна кабылган адамдар дарыланууну эмнеден башташ керек?


-- Жин оорусуна чалдыккан адамдар биринчи кезекте молдо менен көзү ачыкты ажырата билүүсү зарыл. Себеби, “молдо” атына жамынып алып жиндер менен иштешкен көзү ачыктар болот. Алар дарылоо учурунда өздөрү кызматташкан жиндер менен оорулуу адамдагы жинди байланыштырып, аны убактылуу денеден кууп чыгартат. Андан соң Кудайга ширк келтирүүчү ар кандай шарттарды коюп, оорулуу адамга Куран аяттарын тепселөөнү, мазарга барып Алланын атына эмес, кандайдыр бир перилердин, колдоочулардын аттарын айттырып курмандык чалдырууну жана башка акылга сыйбаган иштерди буюрат. Албетте, бул жерде ыймандан ажыроо коркунучу тургандыктан, мындай амалдарды кылууга мусулманчылыкта тыюу салынат. Ошондуктан адегенде туура окуган молдолорду таап, ошолорго дем салдырыш керек. Андан соң намазга бекем болуп, эртең менен жана кечинде окуй турган дубаларды, сүрөөлөрдү окуп, өзүнө дем салганды үйрөнүп алса, эч бир жин ага зыян жеткире албайт. Дагы кошумчалай кетчү жагдай, жинди бир гана эркек кишилер чыгарышат. Эгерде аялдар чыгара турган болсо, алар көзү ачыктар болуп эсептелет. Себеби, жиндерди чыгаруу илими эркектерге гана таандык. 


Көзү ачыктар эмне себептен жиндер менен кызматташат? 


-- Жиндер адегенде адамга кол салат. Ооруга чалдыктырат. Ооруган адамдагы дарттын себептерин медицина да аныктай албайт. Анан бир күн эле көзүнө аппак кийимчен адам, же карыя, же дагы бирөө көрүнүп, анын сакайып кетүүсүнүн себебин айтат. Кандайдыр бир сыйкырларды көрсөтүп, анын касиеттүү адам экенине ишендирет. Андан соң баягы адам ыйманы сустап жин-шайтандардын чоңу менен келишим түзөт да, көзү ачыктык милдетти аркалап баштайт. Ушундан тарта көзү ачык өзү дагы, ага келген бейтаптар дагы ыймандан чыгаруучу амалдарды жасап баштайт. Келген адамдар көзү ачыкка ишенүүсү үчүн аны менен кызматташкан жиндер, бейтап тууралуу маалыматтын баарын алдын ала көзү ачыкка айтып турат. Көзү ачык келген адам тууралуу өткөн-кеткенин айтып, аларды таңкалтырат. Анан ыймандан чыгара турган көрүнүштөр камтылган дарылоо иштерин жүргүзөт. Эгерде жиндер көзү ачыктын айтканын кылбай койсо, анда ал алардын башчысына сыйынып, дуба кылып Алланын ордуна шайтандан жардам сурайт. Башчы шайтан келишимге ылайык кызматчы жиндерди жазалап, көзү ачыкка толук моюн сундуруп берет, же ордуна башка жинди табыштайт. Айрым учурларда жиндер тескерисинче ачууланып, көзү ачыктын өзүнө, үй-бүлөсүнө кол салат. Андай аялдардын 70%га жакыны өмүр бою жолдошу жок өтөт. Айрым учурларда көзү ачык аялдар жиндер менен жыныстык катнаштарга барышып, ыплас иштерди жасашат. 


Онкологиялык оорулардын чыгуу себептеринин бири көз тийүү болуусу мүмкүн


“Фуркан” дем салуу борборунда кызмат кылган, жинолог Мурзабек ЖУСУПОВ төмөнкүлөргө токтолду: 

-- Жиндер ааламы биздин көздөн жашырылган аалам. Бул тууралуу Ыйык Куранда Алла Таала бизге кабар берген. Ошол себептен биз аларды көрө албайбыз. Бирок алар бизди көрүп турат. Андыктан булардан сактанууну үйрөнүп алуу ар бир адам баласына парз. Себеби, алар дагы адам сыяктуу эле ойлонууга, акыл калчоого, кол салууга, дин тандоого, үй-бүлө курууга, тамактанууга, өч алууга жана башка мүмкүнчүлүктөргө ээ. Ошол себептен пайгамбарыбыз Мухаммад (САВ) көрсөткөн сүннөт амалдарына ылайык жашоо кечирсек, анда алардын зыянынан алыс болобуз. Аалымдар менен уламалардын айтымында, буларда үч түргө бөлүнгөндөн сырткары өз ара тайпаларга да бөлүнгөн. Алардын бири адамдар менен бирге жашаган тайпадагы жиндер  “домовойлор”, “үй ээси” деп коюшат. Кийинкиси кичинекей балдарга көрүнүп, алардын тынчын алган жиндер. “Арбактар” деп аталат. Андан кийинкиси каардуу, адамга душмандык кылган, көзү ачыктар менен кызматташкан шайтан жиндер, маариттер жана ифриттер. Булардын ичинен эң күчтүүсү ифриттер болуп эсептелет. Алар чагылгандай тездикте бир жерден экинчи жерге барышат жана жиндер иерархиясында сап башында турушат.

-- Айрым маалымат булактарында жиндер менен иштешкен адамдар кара дубаларды окуп, алардын жардамы аркылуу акча табууну кесипке айлантып алганы айтылат. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?      

-- Исламда шарият жолу аркылуу жинди адамдан чыгаруу бар. Аны киргизүү арам жана Алланын каарын келтирген иштерден болуп эсептелет. Андыктан муну молдолор жасашпайт. Мындай тажрыйба көпчүлүк учурда көзү ачыктар тарабынан жасалат. Кээде кээ бир адамга душмандык кылуу максатында, же бирөөнү өзүнө ысытып алуу, же тескерисинче, суутуу максатында жасалып жүрөт. Тажрыйбада мындай окуяларга көп эле туш болгонбуз. Эри менен аялын ажыраштыруу максатында башка бир аял тарабынан көзү ачыктар аркылуу жасатылган ырымды жандырганбыз. Мындай учурда аялы күйөөсүнүн көзүнө абдан түрү суук болуп, жиндин образы көрүнө баштайт. Күйөөсү сыйкырлангандыктан аялына болгон мамилеси сууп, айрым учурларда аялын өлтүрүп койгонго чейин барган окуялар айтылып жүрөт. Бизге келген адамдарга дем салганда Алланын жардамы аркылуу жинди чыгарып жиберебиз. Мунун зыяны кайра эле кара дуба кылган адамдын өзүнө кайтып барат. Андыктан мекендештерибизге кара дуба, сыйкырлоо (!) деген нерселерди колдонбой эле койгонго чакырабыз. 

-- Көз тийүүнүн дагы жиндер менен байланышы барбы?

-- Көзү бар адамдар туурасында Шейх ибнуль Коййим деген аалым айтат: “Көзү бар адамдар бар. Алар рухунда жамандык алып жүрүшөт. Алардын айланасына жин шайтандар топтолуп алып, адамдын аурасын бузушат. Ал адамдын жанында турган адам себепсиз эле тынчсызданып, жүрөгү кысылып, жаман абалга түшүп калат. Айтор, бирөөгө суктанчу болсо, жанында тегеректеген жин-шайтандар жаанын жебеси сыяктуу ошол адамга барып кадалат да, аны ооруга чалдыктырат. Айрым учурларда өлүмгө да дуушар кылып коёт. Пайгамбарыбыз Мухаммад (САВ) “Көз тийүү акыйкат. Көз тийүү адамды кабырга, төөнү казанга салып коёт”  деген. Андыктан көз тийүүдөн сактануу үчүн намазга бекем болуп, эртең менен жана кечинде окулуучу сүрөөлөр аркылуу адам өзүнө-өзү дем салуусу керек. Айрым учурларда адамдардын эле эмес жаныбарлардын, алтургай жиндердин да көзү тийүүсү ыктымал. Жиндердин көзү тийген учурларда адамдар көпкө чейин балалуу болалбай жүрө бериши мүмкүн. Пайгамбарыбыз дагы “менин үммөттөрүмдүн көпчүлүгү Алланын жазмышынан кийин эле көз тийүүдөн каза болушат” деген. Ошол себептен азыркы учурда көп катталып жаткан онкологиялык жана башка оорулардын чыгуу себептеринин бир белгилери көз тийүү болушу мүмкүн.  

-- Сиздер менен байланышкысы келген адамдар кантип жолукса болот?

-- Дарегибиз Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 309, “Фуркан” дем салуу борбору. 


Жин киргендеги белгилер:

-- уйкусуздук, маанай чөгүүсү;

-- ишке болгон жөндөмдүүлүк жоголуп, жалкоолуктун артуусу;

-- майда нерсеге да өтө ачуулана берүү, буюмдарды талкалоо;

-- тазалыкты сактабоо, сасып кетсе да жуунбай жүрө берүү;

-- же улам-улам жуунуп, саат сайын тазалана берүү;

-- жаман түштөрдү көп көрүү;

-- буту-колдун же дене мүчөлөрүнүн чымырап, кызып же уюп ооруусу;

-- уйку маалында бийиктиктен кулап кетүү;

-- куран, азан укканда кыйналуу, уккусу келбөө, кусуу ж.б.  


Темирбек МАТАЕВ

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер