Чын тийбес

(Фантастикалык новелла)
Советтер Союзунун Баатыры, СССРдин учкуч-космонавты Юрий Николаевич Глазков өзүнүн фантастикалык аңгемелери, новеллалары менен окурмандарга кеңири белгилүү. Төмөндө анын азыркы күндүн актуалдуу проблемаларынын эң башкысына – ядролук согуш коркунучуна, куралсызданууга арналып жазылган фантастикалык новеллаларынын бири «Чын тийбести» («Недотрога») сиздердин назарыңыздарга сунуштамакчыбыз.
Чалгынчы кеме кайсы бир планетанын аймагына туш болду. Тааныш эмес жылдыздар, чоочун асман, кандайдыр белгисиздикти күтүү… Планета улам чоң көрүнө берди, материктердин сөлөкөтү укмуштай кооз, кайталангыс эле. Аларды бөлүп турган океандар тигилерге өзүнчөлүктү, таасирдүүлүктү жана да кандайдыр зор сыймыктанууну берип тургансыйт. Планетада аң-сезим бар, жердеги радиотелескоптор тарабынан кабыл алынган сигналдар так мына ушул жактан келип жаткан эле. Планета жөнүндө көбүрөөк билүүнү, андагы өнүккөн цивилизация менен кездешүүгө жакшылап даярданууну баары каалап жатышты. Бул иште компьютер гана жардам бере алмак, анын эсинде аң-сезимдүү жашоосу бар бөлөк планеталар боюнча маалыматтар бүт жазылуу. Компьютер жаңы кабарларды күтүп жаткан: аны баардык жагынан изилдеп, буга чейинки белгилүү фактыларга катар коюп, адамдарды өзүнүн ойлоо сезиминин жетишкендиги, аныктамаларынын тереңдигине айкалыштыра таңкалтырыш үчүн эңсеп күтүп жаткан. Веганын желмогуздары менен африкалык пилдердин азууларынын жана маңдай сөөктөрүнүн калыңдыгынын бирдей экенин байкаганы да кокусунан эместир? Ал – планеталык компьютер, өз ишинин чебери болчу.
Азыр эми компьютер адамдардын каалоосун кылдат байкап, алар үчүн планетанын көлөмдүү сүрөттөлүшүн түзүп берди. Татынакай, ар түрдүү түстөгү шар кают-компаниянын чок ортосунда, абада илинип турду. Орундуктан турбай эле планетага колуңду сунууга, кармалап көрүүгө мүмкүн болчу. Алаканың менен бүткүл бир континентти, океанды жаап коюуга болот эле, андайда планетанын көрүнүшү өзгөрүп, бир нерсеси жетпегендей, асыресе көрксүз сыяктанып калат. Материктердин сөлөкөтүнөн бул дүйнөнүн өткөндөгүсү чагылып турду… Компьютер мына ушуну билгичтик менен пайдаланды, баардык материктерди бириктирди, о.э. планетанын миллиарддаган жылдар мурда кандай кебетеде болгонун көрсөттү. Анан байыркы материкти жаракалар аркылуу бөлдү, континенттердин океан боюнча кандайча сүзүп жөнөгөнүн сүрөттөдү. Көз алдыга өткөндөгүлөр тартылды, компьютер болсо андан ары кетти: материктерди өз жолунан тоолорду шыпырып кеткен жылып жүрүүчү муздар менен жапты, токойлорду, жаныбарларды өстүрүп чыгарды, аң-сезимдүү жандыктардын өнүгүшүн көрсөттү… Бактысыз жандарды тоолорго кубалап, зор толкундар тиричиликти жок кылып баратты, жанар тоолор өздөрүнүн балкып эриген баткагында жандууну чөктүрүп, алоолонгон өрттөр алардын калганын аймады, а акыл-эс болсо жашай берди, күрөштү, чыңалды, өзүнө жашоо укугун жана биринчиликке болгон миссиясын жеңип алды… Компьютер өсүмдүктөр дүйнөсүн көрсөттү, бирде жашылга, бирде сары түскө боёп, алар менен материктерди жапты, кумга көмүп, бороон-чапкын талкалап, улам кайра баштан жаратып турду. Суу астындагы дүйнөнүн көрүнүшүн, канаттуулардын топ-топ болуп эркин учканын көрсөттү. Акыл-эстин планетасы, бакты-таалайдын планетасы!..
-- Татынакай планета, бул сулуулук ал үчүн бир топ кыйынчылыкка турган экен, азыркы жашоочулары кандай бактылуу! - деп суктанып, космонавттар биринен сала бири өз ички ойлорун угуза билдирип жатышты. -- Тез эле алар менен жолугушсак экен, илим-билим алмашат элек, өткөндөгүлөрүн сурап, эртеңки келечегибиз тууралуу сүйлөшсөк...
-- Эмнеси болсо да дагы бир айланып көрбөйлүбү, командор, кандай дейсиң? - деп сунуш кылды дайым сак штурман.
Ашыкча шек саноочулукту четке кага баары чуулдап калышты. Ансыз да планетада тынчтык, ынтымак орун алганы айдан ачык, эч ким эч нерсени жашырбасы көрүнүп турат го?..
Командор өз билгенин жасады: орбитаны төмөндөттү жана эми атмосферада дагы бир айлампа жасоо үчүн башкарууну компьютерге берди. Кеме чексиз көгүлтүр океанга сүңгүп кирди да, чоң, татынакай шаарды көздөй бет алды… Капыстан эле шаардын көрүнүшү өзгөрдү: кемени көздөй оттуу узун денечелер созулду. Кеме коргоочу каражат менен курчалды. Ага урунуп, денечелер “жарк” этип жанып чыга келишти, шаарга ракеталардын сыныктары күбүлүп түштү… Бүткүл өлкө боюнча сиреналар улуп, согуш мезгили келди. Күжүрмөн механизм аракетке келтирилип, пружина коё берилди. Кеме болсо учуп баратты, улам жаңы ракеталардын соккуларын өзүнө чакырып, ядролук жаанды, өрттөрдү жана да кыргын өлүмдү пайда кыла компьютер аркылуу башкарылып кете берди. Ракеталар баардык тараптан учуп жатты, баары аралашып, душман кайда экенин жана ким ага кол салганын эч ким түшүнгөн жок. Баардык тараптан аткылашып, самолёттордун зор топтору абада кармашып, күйгөн машиналар алоолонуп төмөн кулап жатты. Тирүүчүлүктүн акыры, азап орноду.
Кеме бул бир паста отко чулганган акылсыз материктерден оолагыраак океан тарапка бурулду. Адамдар болуп өткөндү аңдап билүүгө аракет кылып, үн-сөзсүз отурушту.
Океандын тептегиз бети кайнап чыккандай болуп, андан ракеталардын ичке, жырткыч ийнелери суурулду. Үстүгө суу астында сүзүүчү кайыктардын узун кара денелери калкып чыгып, кемелер чөгүп жана күйүп жатты…
Командор кыскача команда берип, кеме жогорудагы орбитага атып чыкты. Бирок, буга чейин жайбаракат айланып жүрүшкөн жандоочу спутниктер капыстан эле лазер нурларынын жардамы менен улам кайра кеменин коргонуусун бузууга, анын сырткы каптоосуна жетүүгө, аны күйгүзүүгө, бөлүмдөрүнө боштуктун кирип келишине, мында да акыл-эсти жок кылууга аракет кылып жатты. Бул колдорунан келбеген соң, өздөрүнүн алсыздыгына болгон ызасын сырткары чыгарышкан сымал, эми алар башка буталарга карай атырылышты…
Кеме дагы оолак, коопсуз боштуктун тереңин карай бет алды. Адамдар корккондон өздөрүн жоготуп коюшту, бир гана сезимсиз компьютер кабыл алынган кабарларды иштеп чыгуу менен өзүнүн көнүмүш чеберчилигин уланта берди. Адамдар жаңы эле, бир аз гана мурда суктана карап отурушкан, алар түзгөн шар көгүш жаркырак болуп күйдү, оорулуу жүрөк сыяктуу тез-тез булкуна баштады, анан туруштук бере албай, бир канча жалтыраган бөлүктөргө бөлүндү.
А кеме болсо өзүнөн өзү качкан сыяктуу планетанын жана анын акылсыз жашоосунун алдында өз күнөөсүнөн уялган шекилде боштуктун алыскы тереңине карай улам ылдамдай сызып баратты...
Орусчадан которгон Болот Оторбаев
"Азия Ньюс" гезити