Акыркы кабарлар
» Коом » Коронавирустан бир күндө дагы беш кишинин өмүрү кыйылды
Коронавирустан бир күндө дагы беш кишинин өмүрү кыйылды
12-ноябрь, 13:44
686 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 12-ноябрдагы маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде вирус дагы беш кишинин өмүрүн алды. Баткен облусунда үч, Чүй облусунда бир, Бишкекте бир өлүм катталды.
Бир күндө дагы 527 кишиден жаңы аныкталды.
Марттан бери илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 64 887 адамды түздү. Анын 55 824ү сакайганы айтылды. Бир күндө 518 адам ооруканалардан айыгып чыкты.