Телеканалдарга 50 миллион төлөгөнчө, эки бала бакча куруп алганыбыз оң

Аталган телеканалдарды ретрансляциялаш үчүн Кыргызстан жылына 50 миллион сом төлөп жатат. Орус телеканалдарынын ар бирине жылына 25 миллион сомдон төлөнүп келатканын КТРКнын башкы директору Жайнак Үсөн уулу ЖК жыйынында билдирди. Мына ушундай итчиликтин кереги барбы? Кыргыз эли орустардын эки телеканалын көрүүгө өтө куштар болуп, суусап туруптурбу? Көрсөтпөй эле, ошол 50 миллионду төлөбөй эле коюшсун. Андан көрө ал 50 млн. сом менен жылына экиден бакыйган бала куруп турушса, мамлекетке алда канча пайда эмеспи. Ал телеканалдарды көрүүнү каалагандар азыр интернеттен деле көрүп алышат. Ушундай тескери, кемчонтойлук, орустарга жагынган, акылга сыйбас саясатты биздин төбөлдөр качан токтотушат?! Чынында ошол акчаны Россия телеканалдары Кыргызстанга өздөрү төлөп, анан көрсөтүшсө куп жарашмак. Ал эми КТРК мурун жарнамадан кыйла көп акча таап келсе, акыркы жылдары жылына 58 млн. сом гана табат.