Жалал-Абад ОИИБ начальниги Жеңиш Абитовдун башка жетекчилерден өзгөчөлүгү

Буга чейин Сары Өзөндөн баштап, башка облустун милицияларына чейин кылмыш иштерине шектелип келишкен. Айрыкча Бишкек менен Ош шаарынын “кызыл шапкечендери” маал-маалы менен УКМКнын кылтагына илинип атышат. Биздин баамыбызда, Жалал-Абад ОИИБнин кызматкерлери бир топ убакыттан бери жаза басышпаптыр. Себеби, начальник Жеңиш Абитов алдын ала таза иштөөгө багыт берип, милициянын аброюн сактоого кам көргөнүн байкап келебиз. Жетекчи өздүк курамга үлгү болуусу менен алардан мыйзамдуулукту, тартипти талап кыла билиши керек. Бул жагынан Жалал-Абад ОИИБ башчысы Жеңиш Абитов алгылыктуу иштерди жасап, бир жылга жетпеген убакытта коомдук-коопсуздукту жөнгө салып, кол астындагыларга шарт түзүп берүүнүн камылгасында келатат. Эске салсак, жарым жылдын ичинде УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тарабынан Жалал-Абад милициясына үч автоунаа белек катары берилсе, жакында дагы төрт-беш спринтер тапшырарын эшиттик. Кыскасы, кандай муктаждыктар болсо, ошого жараша чекесинен кем-карчтар чечилери айтылууда. Мунун баары Жеңиш мырзанын салымы, чарбачылык жөндөмү, сөз таба билгендиги...
"Азия Ньюс" гезити