Ток этерине токтолсок, Алмамбет Шыкмаматов өз имиджи үчүн иштейт. Саясатта айлакер, тажрыйбалуу. Өмүрбек Текебаевге жемин жедирбеген, алданбаган адам башкаларды жөн эле чимирилтет да, туурабы? Он төрт жыл мурда министр, кийин депутат болуп, мамлекеттик мекемелерде жетишерлик такшалды. Октябрь төңкөрүшүнөн кийин да талаада калбай, кайсы бир деңгээлде кызматтарды аркалап өттү. Учурда президенттин жанына келиптир, жардам берет экен. Бул жер да трамплин болсо керек... Эң кызыгы, Алмаке адамдын ички дүйнөсүн окуй билет, ошого жараша мамиле жасап, керектүү кишини арбап алгандай сапаты да бар. Сыйкыры ушунда. Алыска чуркайт. Көксөгөнү – келечек муун астында мамлекеттик деңгээлде из калтыруу. Садыр Жапаров иш жүзүндө Алмамбет Шыкмаматовдун кеңештерин укса, адашпайт, а укпаса...