Чокчо сакалчан Төрөхан Жунусбеков мечитке молдо болобу, же оңолобу?
Бишкек мэрлигин талашкан Төрөхан Жунусбековду шаардык кеңештин депутаттары колдобой коюшту. Активист катары жүргөн бул жигитке кеңеш айталы. Ириде Ак-Ордобу, же Ак-Өргөбү, айтор, бир конушка барып, биринчи айыл өкмөт катары үч-төрт жыл иште. Эгер ишиңди тарта алсаң, аким болуп, дагы эмгектен. Андан соң эл колдосо, Бишкек мэрлигине талпын, туурабы? Кызык, дароо эле таштын жаракасынан чыга калгансып, амбицияны ашынта бергенде болбойт да! Баш калаада 1 миллиондон ашык эл жашайт, түйшүгү арбын, андыктан, билим, эбегейсиз тажрыйба керек. Туура түшүнөлү эй!.. А баса, Төрөхан мырза 70 жаштагы чал сымалындай, чокчо сакалды коюп алыптыр, кайсы бир агымдын фанатыбы? Ушу кантип жарасын? Кырктын кырындагы жигит үчүн жакшы “жаранама” эмес да. Салтка да жатпайт. Андыктан, сакалды кырдыр, эгер ушул идеология катары ыйык көрүнсө, анда бир мечитке барып молдо бол. Эң оболу, өзүбүздү оңдоодон баштасак кана? Мамлекеттик кызматкер мыйзамдарга ылайык, светтик көз караштагы жана дүйнөтаанымы кенен кадр болушу шарт. Ушул жагын эске алуу керек. Азыр күлүк замана алдыга учуп баратат, эски диний агымдарга байланып отурууну илимдүү катмар жактабайт. Биз артка эмес, алдыга умтулалы. Бул өтө маанилүү көрүнүш!
"Азия Ньюс" гезити