Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айбек Мырза: «Жерүйдөгү экологиялык коркунучтар иликтенет»

Айбек Мырза: «Жерүйдөгү экологиялык коркунучтар иликтенет»

10-сентябрь, 16:08
890 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жарандык активист Айбек Мырзанын билдиргенине караганда, Таластагы Жерүй кени боюнча түзүлгөн элдик комиссия экологиялык коркунучтар боюнча  кеңешмеге чогулушту. Анда кендин экономикага жана экологияга тийгизип жаткан таасири туурасында талкуу орун алган.

-- Жерүйдөгү кандай экологиялык коркунучтар туурасында сөз болду?

-- Биздин бул кеңешмеге чоглуубуздун негизи бар. Анын чыныгы себеби 22-сентябрдан кийин ачыкталат. Анткени ушул күндөрү он беш адамдан турган мамлекеттик пландуу текшерүү башталат. Ага бизге окшогон элдик комиссиянын өкүлдөрү да кире турган болду. Анда негизги экологиялык маселелерге көңүл бурулмакчы. Буга чейин бизге калдык сактоочу жайдын абалы боюнча бир топ кайрылуулар болгон. Ушул маселелердин негизинде кереге кеңеш өтүп, эми комиссия түзүүгө жана текшерүүгө жетиштик.  

-- Элдик комиссия мурдараак экономикалык маселелерди да көтөрүп жүргөн эле, абал кандай? 

-- Экономикалык маселелер көптөн бери айтылып келет. Анткени, жүз миллард долларлык келишимде мамлекеттин үлүшү көрсөтүлбөй калган. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой элдик комиссия үстүбүздөгү жылдын 5-февралында түзүлгөн.  Биз экономикалык жана экологиялык мыйзам бузууларды ашкерелеп, өкмөткө, президентке жана башкы прокуратурага кайрыла алабыз. Мунун алкагында учурда өкмөттүк деңгээлдеги комиссия түзүлүп жатат. Анда үч маселе каралат. Биринчиси, Жерүй алтын кениндеги мамлекеттин үлүшүн кайтарып берүү. Экинчиси, сынактын мыйзамдуу өткөндүгү боюнча маселени кайрадан карап чыгуу. Үчүнчүсү, жергиликтүү тургундардын калдыктарды сактоодогу экологиялык мыйзам бузууларга баа берүү.


Анархан Алтымышова

Aryba.kg 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер