Миргүл Темирбаева: “Баткендеги посттордун алынышы элди кооптондурууда”

-- Миргүл айым, Баткен облусунда кайра калыбына келтирүү иштери, элге гуманитардык жардамдарды таратуу кандай жүрүп жатат?
-- Бул иштер жергиликтүү бийликтердин: облустагы ыйгарым укуктуу өлкүлчүлүктүн, акимдин, айыл өкмөттөрүнүн деңгээлинде жүрүүдө. Мен жалпы элдин көз карашын айтайын сиздерге, эл гумжардамга, бир кап ун менен суюк майга анчалык деле муктаж эмес. “Курсагыбыз деле ачка калган жок. Эң башкысы, бизге коопсуздугубузду камсыздап, чек араны бекемдеп бергиле, ошол керек” дешүүдө. Жергиликтүү тургундардын көпчүлүгү ар тарапка кетип калышкан. Кадамжай, Ноокат райондоруна чейин качып барышты да. Бишкекке чейин келгендери болду. Эми үйлөрүнө кайтып атышат. Мен Лейлек району боюнча айта турган болсом, көпчүлүгү эркектер гана келишүүдө. Аялдар менен балдар кайра бара элек. Азыркы күндөгү картина ушундай.
Постторду алуу боюнча протоколдорду да эл кооптонуу менен кабыл алууда. Буга негиз бар, себеби, буга чейин кошуна өлкө көп жагынан өз убадаларына турбай келди. Посттордун алынышы менен жылма экспанция күчөп кетпесине эч ким кепилдик бере албайт. Ошон үчүн элге ачык маалымат берилиши зарыл. Анан бул протоколдор биздин Жогорку Кеңештен өтүшү керек болчу. Бул суроо да ачык бойдон калууда. Эл түнү уктабай, күндүзү уктап, эл ичи дале тынч эмес.
-- Эми кайталанбасына үмүт кылалы.
-- Баарыбыз эле ошону каалайбыз. Бирок, биздин кошуна өлкө бир канча жолу өзүнүн убадасынан тайган. Ишенич чындыгында жок. Ошондуктан өзүбүзгө кам көрүп, коопсуздугубузду сактап турбасак болбойт.
"Азия Ньюс" гезити