Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Полковник Конок Өскөнбаев “Азия Ньюс” гезитинен үчүнчү ирет соттон утулду

Полковник Конок Өскөнбаев “Азия Ньюс” гезитинен үчүнчү ирет соттон утулду

15-июль, 13:00
598 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Соттук реформада жылыш бар. Эки жыл мурда ИИМди качкын министр Кашкар Жунушалиев башкарып турганда “Конок Өскөнбаев жасалма диплому менен ИИМде тайраңдай береби?” (05.11.2020) деп сындап жазганбыз. Ал макалада ИИМдин ички иликтөө башкармалыгынын орун басары Конок Өскөнбаевдин (кийин начальниги) дипломунун жасалма экендиги тууралуу да маалымат бар болчу. Өскөнбаев Конок диплому боюнча “жалган маалымат таратып, кадыр-баркыма доо кетирди” деп бизди сотко берип, Октябрь райондук сотуна доо арыз менен кайрылган. Эки жыл соттоштук. Октябрь райондук сотунун судьясы Г.Абылкасымова ишти туура эмес карап, редакцияга негизсиз эле 50 000 (элүү миң) сом айып пул салган. Биз ишти кайра каратуу максатында Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылганбыз. 2022-жылдын 4-июлунда Г.С.Алиева төрайымдык кылып, курамына А.М.Чекирова, А.Б.Абдураимов кирген Бишкек шаардык сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы Конок Өскөнбаевдин кадыр-баркын беш миллион сомго баалап, беш миллион сом доолаган доо арызын кароосуз калтырды. 

Калыс иштеп, адилет чечим чыгарган Бишкек шаардык сотунун судьялары Г.С.Алиева, А.М.Чекирова жана А.Б.Абдураимовго чын дилден ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалайбыз.

Ушуну менен полковник Конок Өскөнбаев “Азия Ньюс” гезитинен үчүнчү ирет соттон утулуп атат. “Жыгылган күрөшкө тойбойт” деп эле удургуй береби? Эми тынчысын да...


“Азия Ньюс” гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер