Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жолборс Жоробеков: “Уруулардын тарыхы – кыргыз элинин баскан жолу”

Жолборс Жоробеков: “Уруулардын тарыхы – кыргыз элинин баскан жолу”

07-октябрь, 13:55
691 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Агай, мына бүгүн оргу уруусунун курултайы өттү. Философ, саясат таануучу катары уруулардын курултай өткөрүүсүнө кандай карайсыз?

-- Акыркы жыйырма жылдан бери уруулар тууралуу китеп жазуу, курултай өткөрүү салтка айланды. Чынында мен мурда муну анчалык жактыра бербей жүргөм. Анткени, биз баарыбыз советтик мектепте тарбияланганбыз, уруучулук күч алса, биз кайра орто кылымга барабызбы (?) деп ойлочумун. Бирок, акыркы кездеги дүйнөдөгү өзгөрүүлөр, ааламдашуу процесси ушунчалык күч алып кеткендиктен, элде, уруулар арасында өзүн-өзү сактоо инстинкти жаралууда. Ар бир элди биз кандай калкпыз, башатыбызда эмне бар, эртең кандай болобуз? деген собол тынчсыздандыра баштады. Анткени, саны он миллионго жетпеген майда элдер ааламдашуунун шарында башкаларга аралашып, акырындап жоголуп кетүү коркунучу турат. Ошон үчүн биз башатыбызды, көөнө тарыхыбызды билишибиз керек. Демократиянын алгачкы, либералдык формасы абдан күч алган этабында биз Батыштын маданиятына жетүүнү ойлоп жүргөнбүз. Бирок, азыр Батыштын маданияты, цивилизациясы деградацияга учурап, орой айтканда, “жинди” боло баштады. Ошон үчүн биз өз башатыбызды, тарыхыбызды изилдеп, нукура баалуулуктарыбызды аздектегенибиз оң. Уруулардын тарыхы – бул кыргыз элинин, кыргыз мамлекетинин да тарыхы катары эсептелет. Кыргыз элин түзгөн кырк уруу, Кыргыз эл биримдиги, “Санжыра академиясы” дегендердин баарынын ой-максаттары – элди ынтымакка чакыруу, мамлекетибиздин өсүп-өнүгүүсүнө жардам берүү. 

-- Анда оргулар тууралуу китеп жазууңузга да ушул нерсе себеп болгон турбайбы?

-- Ооба. Силер тууралуу китеп жазып берели, мынча акча төлөгүлө” деген ишкер жигиттер да болду. Бирок, ойлонуп көрүп, мен өзүм тарыхчы болсом, этнография боюнча стажировкадан өтсөм, өз уруум тууралуу китепти өзүм эле жазууну чечтим. Китепте оргунун тарыхы, жашаган жерлери, бул уруудан чыккан белгилүү инсандар, атүгүл тилдик өзгөчөлүктөрү тууралуу кенен маалымат берилди. Албетте, биздин уруу жөнүндө баарын толук жазып салдым (!) дегенден алысмын. Келечекте дагы мыкты жигит, кыздар чыгып, биз баштаган ишти улантып, маалыматтарды дагы толукташса ажеп эмес. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер