Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » УКМК эми Сарыбашевдин жасалма дипломун, кош жарандуулугун ачыктайбы?

УКМК эми Сарыбашевдин жасалма дипломун, кош жарандуулугун ачыктайбы?

20-январь, 13:05
1 733 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Орозайым Нарматованын диплому мыйзамсыз экенин УКМК ашкерелеп, элибиз үлгү ала тургандай жакшы иш жасады. Эми акылы барлар окушат, алдамчылык жолу менен жогорку билим алуудан этияттап калышат. Коом үчүн маанилүү иштин өтөөсүнө чыгышты. Баса. “Эрдик кылсаң сүрө кыл” демекчи, УКМК адилеттүүлүк үчүн изги ишин уланта алабы? Баарыбыз билгендей, “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынан депутат Таалайбек Сарыбашев жасалма дипломго, кош жарандуулукка шектелип келгени билгилүү. Өзү “лам” деп ооз ача албай, дайыма буйтап качат. Коомчулук талап кылып атып чарчады. Натыйжада, УКМК текшерүүгө алып, мыйзамдуулук үчүн ыпластыкты ашкерелейби? Ошондо калыстык орномок. Антпесе чатак, “томуктай кызды эле көрүп калышты, өздөрүн чукушпайт” дегендер арбын. Ток этери, эл көзүнө кара кылды как жарган калыс саясат жүрсө, бийликтин да аброю көтөрүлөт эле.

(Ал эми Таалайбек Сарыбашевдин коррупцияга шектелгенине өзүнчө токтолобуз.) 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер