Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ильхам Алиевдин Кыргызстанга сапарын дипломатиянын жетишкендиги катары кароого болот

Ильхам Алиевдин Кыргызстанга сапарын дипломатиянын жетишкендиги катары кароого болот

23-октябрь, 19:29
341 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Азербейжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга сапарын биздин дипломатиянын чоң жетишкендиги катары кароого болот. Бул биринчи кезекте тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин, ошондой эле эки өлкөнүн тең сапарды уюштурууда чоң, түйшүктүү иш аткарган ыйгарым укуктуу элчилеринин эмгеги. Мындай пикирин политолог Бакыт Бакетаев билдирди. 

Айтымында, президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Азербейжандагы элчилик кызматына Кайрат Осмоналиевди дайындоо менен көрөгөчтүк кылды. Осмоналиев аталган кызматка дайындалганга чейин Азербейжандын илимий жана саясый чөйрөсүндө кадыр-баркка ээ болчу жана Тоолуу Карабах тууралуу китеп жазган. 

 “Кайрат Осмоналиев профессионалдуулугун көрсөтүп, иш жүзүндө башка өлкөлөрдөгү элчилерибизге дипломатиялык туризм менен алектенбей, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн кантип иштөө керектигин үлгү катары көрсөттү. Заманбап геосаясый кырдаалда расмий сапарларды уюштуруу абдан татаал. Ошол эле учурда биздин президент Садыр Жапаров буга чейин Бакуга барган, эми Ильхам Алиев жооп иретинде Бишкекте сапарда болду. Ошентип, 30 жылда биринчи жолу биздин мамилелерде тең салмактуу байланыш пайда болду. 

Биз эки эл дайыма руханий, маданий жакындыкта болгонун эске алышыбыз керек. Азыр тараптар 2023-жылы Кыргызстандын маданий күндөрүн Азербейжанда, ал эми 2024-жылы Азербейжандын маданият күндөрүн биздин өлкөдө өткөрүү тууралуу биринчи жолу макулдашышты. Учурда биз эки элдин чыныгы достугу өлкөбүз коңшу мамлекеттин куралдуу кол салуусуна дуушар болгон оор убакта бекемделип жатканын көрүп турабыз” деди Бакетаев. 

Ошондой эле ал азербейжан лидеринин Кыргызстанга болгон сапарынын абдан маанилүү жыйынтыгы катары Кыргыз-Азербейжан өнүктүрүү фондун түзүү чечимин белгилеп, бул эки тараптуу кызматташуунун мыкты катализатору болорун айтты. 

“Андан сырткары эки өлкөнүн мамлекеттер аралык кеңешинин ишин баштоо да демилгеленди. Садыр Жапаров менен Ильхам Алиевдин жеке достук мамилесин татыктуу баалоо керек.

Социалдык, маданий жана экономикалык багыттагы министрликтердин ортосундагы кызматташуу боюнча бир катар меморандумдарга кол коюулушу дагы оң жыйынтык болуп саналат. Ошол эле убакта эл аралык институттарды эки тараптуу колдоо боюнча да макулдашуулар түзүлдү.

Эки өлкөнүн ТИМдеринин дагы бир жетишкендиги – ага дейре Кыргызстан 126 өлкөнүн колдоосу менен БУУнун адам укуктары боюнча кеңешине мүчө болуп шайланып, анын ичинен Азербайжан да биздин талапкерге добуш бергени” деди Бакыт Бакетаев.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер