Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өгөй атасынын астында жулмаланган, ыйлаган Айыманы унута албайм

Өгөй атасынын астында жулмаланган, ыйлаган Айыманы унута албайм

18-январь, 21:03
2 328 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ар бир замандын, доордун оорчулугу, кордугу бар экен. Баары жетишкен, баары өнүккөн биздин күндөрдө жан чыдагыс, жандүйнө сезимдери майтарылган кыздар бар. Учурда XXI кылымда жашап жатабыз. Технология өтө эле өнүккөн замандабыз. Бирок эмнеге маңкуртка, айбанга айланган адамдар көбөйүп баратат? Бул суроо жүрөк оорутат. Ар бир күнү болбосо да, күн аралата төбө чачты тик тургузган окуяларды эшитесиң. Он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек наристе кыздарды зордуктаган айбан өгөй аталар көбөйдү. Анысы аз келгенсип, сүттөн ак болуп чыга келгендери канча? Мындай адамдарга өтө оор жаза каралуусун талап кылалы! Ойгонолу! Жараланган жүрөктөрдү коргойлу! Жылуулук тартуулайлы! Баарынын алдын алалы!

Инстаграмдын «ayal kg» баракчасына жарыяланган тагдыр тамчысы жүрөк оорутат.

Өгөй ата, өгөй эне дегендердин эмнеге бир типтүү образы бар? 

Эмне үчүн көбүнчөсүндө (баарында дей албайм) өгөй болсо эле аёо сезими жоголуп кетет? Ал убакта мен окуучу болчумун. 15 жашта болсом керек эле. Менден эки жаш кичүү болгон Айыма деген кошуна кыз бар болчу. Экөөбүз көп сүйлөшпөсөк да, саламыбыз түз, мамилебиз жакшы эле. Көп сүйлөшпөгөнүбүздүн себеби бар, анын өгөй атасынын катаалдыгы. Байкушту көчөдөгү балдар-кыздар менен көп ойнотчу эмес. Улуусу болгону үчүн турмуштун түйшүгүн секелек кезинен тарта баштаган. Апасы да токтоо, жоош аял эле, жолдошунун айтканынан чыкчу эмес. Айыма болсо маңдайы жарык шайыр кыз (өгөй атасын көргөндө эле өңү кубарып кетчү). Атасынын жумушу жок. Апасы болсо айылыбызга жакын болгон Казакстандын Тараз шаарына барып, сүт сатып күн көрүшчү. Бир күнү апасы адаттагыдай Таразга кетип, саясый окуялардан улам чек ара жабылып, келе албай калды. Кеткенине үч-төрт күн болгондон кийин мен үйүнө казанын алып барууга бардым. Дарбазасынан киргенде эле үйүнөн ары-бери жүгүргөн, бирөөнүн ыйлаган үнү угулду. Коркуп кетип, үйүнүн кире беришинин эшигин ачсам, ыйлап Айыма чуркап чыкты. Чачтары жулмаланып, колу-буттары көгөрүп, үстүңкү кийими бир аз айрылып калган экен. Мени көрө калып, кайра кирип кетти. Бутумду чечип артынан кирейин десем, өгөй атасы чыгып, “жогол үйүңө! Бирөөгө айтып, бирөөнү чакырам деп ойлобогунуң!” деп кыйкырды. Атасынын астында шымы эле бар, үстү жылаңач болчу. Жаш элем да. “Мени да кармап, бир нерсе кылабы?” деп корктум. Үйгө келип, эч кимге көрүнбөй, өкүрүп, шолоктоп кечке ыйладым. Жөн эле сабадыбы же андан да коркунучтуусу болдубу, билбейм. Бирок оюма жаман нерселер келип жатты. Ошол окуядан кийин Айыма мени көргөндө кача турган болду. Кадимкидей бурулуп басып кетчү. Ошентип экөөбүз сүйлөшпөй да калдык. Кийинчерээк башка айылга көчүп кетишти. Арадан 7 жыл өтсө да, Айыманы эстеп жаман болом. Эмне кылып жүрөт? Каякта? Кандай жүрөт? Ошол күнү, андан кийин эмне болду? (Ошондо зордуктабаган болсо экен (!) деп тилейм). Азыркыга чейин ошол окуяны, ошол кызды, ошол өгөй атаны унуталбай келем".


Айзирек 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер