Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Төлөнбек Абдыров: “Ишкерлерге жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлбөй, колдоо болбой, жылыштар жок”

Төлөнбек Абдыров: “Ишкерлерге жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлбөй, колдоо болбой, жылыштар жок”

03-октябрь, 19:00
400 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Өлкөнүн экономикалык көйгөйлөрү арбыды, аны чечүүнүн жолдору барбы?  

-- Экономикабыздын абалын көрүп турабыз. Аябай кыйын учурга кептелдик. Бул деген биздин эле экономикада эмес, дүйнөлүк процесс. Пандемия баарыбызга катуу кыйынчылык көрсөтүп жатат. Биз эң алгач түзүлгөн структурабызды оңдоп, айыл чарба, өндүрүш продукциясын көбөйтүшүбүз зарыл. Курулуш тармагын дагы өнүктүрүү шарт. Бүгүнкү күндө биз ЕАЭБдин потенциалын колдонушубуз керек, бирок атаандаштыкка туруштук бере албай жатабыз. Себеби, ишкерлерге жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлбөй, бизнеске колдоо жок. Бүгүн дүйнө тынчыбай турат. Инвесторлор келгенде алардын “менчигин коргойбуз” деп убада берип, мамлекеттик чыгымдарды азайтып, интеллектуалдык менчикти коргоп беришибиз маанилүү. Ошондо заманбап технологиялар келе баштайт. Көз карандысыз сотторду түзүү – заман талабы. Укук коргоо органдарына да реформа кылып, жакшы кадамдарды жасасак эле экономикабызда жылыштар байкала баштайт


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер